Колдоо уланат. Президент куткаруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2023
Жазылуу
Өлкө башчы куткаруучулардын кесибинин маанилүүлүгүн белгилеп, аларга адам өмүрүн жогору койгондуктары үчүн ыраазычылыгын билдирди.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Куткаруу кызматынын кызматкерлерин бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктады. Өлкө башчынын кайрылуусун маалымат кызматы таратты.
Мамлекет жетекчиси өз сөзүндө Куткаруу кызматы ар дайым кооптуу жагдайларга, кыйчалыш кырдаалдарга бет келип иштөөсү менен өзгөчөлөнөрүн белгилеген.
"Биз куткаруучуларыбызды башкалардын өмүрүн сактап калууга, табигый жана техногендик кырсыктардын кесепеттерин жоюуга өз өмүрүн тобокелге салып арнаган чыныгы атуулдар деп билебиз. Сиздер кандай гана өзгөчө абал жаралбасын, адам өмүрүн биринчи орунга коюп, ар дайым алгачкылардан болуп кол сунасыздар. Мына ошондуктан сиздердин кесипти демдүү-күчтүү, кайраттуу, эр жүрөк адамдар гана аркалай алышат", — деди президент.
Өлкө башчы куткаруучулардын эрки күчтүү, сабырдуу жана жогорку психологиялык даярдыкта экендигине ишеним артарын белгилеген. Андан соң алардын кесипкөйлүгүнө Түркиядагы жер титирөөдөн кийинки эмгектерин мисал келтирген.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары издөө-куткаруу иштери менен тынымсыз алектенип, натыйжа көрсөтө алышты. Демин ичине катып, абай салып отурган элибиздин үмүт-тилегин актап, байыркы улуу кыргыз урпагы экенин дагы бир жолу далилдеп беришти. Тоолуу аймакта жайгашып, ар кандай табият кырсыктары болуп турган Кыргыз Республикасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, анын ичинде Куткаруу кызматы улуттук коопсуздук тутумунда өзгөчө орунду ээлейт. Мына ошондуктан мамлекет тарабынан өзгөчө кырдаалдарды, жаратылыш кырсыктарын алдын алууга жана куткаруу иштеринде зарыл болгон керектүү техника менен камсыз кылууга басым жасалууда. Мындан сырткары, куткаруучуларыбызды ар тараптан колдоо аракеттери улантылат. Мындай олуттуу кесипти татыктуу аркалап жаткан жаш муун өкүлдөрүнө баа жеткис тажрыйбасы менен бөлүшүп, тарбия-билимин арнап келе жаткан ардагерлердин эмгеги опол тоодой экенин баса белгилейм", — деген мамлекет башчы.
Президент андан ары кесип ээлерине ыраазычылык билдирип, ийгилик, аманчылык, үй-бүлөлүк тынчтык каалаган.
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн улук офицери Арген Кабылбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2023
Радио
Бир куткаруучу суудагы канча кишиге жооптуу? ӨКМдин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0