27-июнга карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКыз паркта отурат. Архив
Кыз паркта отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2023
Жазылуу
Шейшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. 27-июнда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Талас аймагында +25...+30, Ысык-Көлдө +23...+28, Нарын жергесинде +24...+29 градус ысык болот.
Борбор калаада күндүн табы +31...+33, Ош шаарында +33...+35, Чолпон-Атада +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкектеги эски аянтындагы Курман айт намазы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2023
Айт намаз эски аянтта окулат. Программа
Жаңылыктар түрмөгү
0