Сузакта 24 жаштагы жигитке чагылган тийип каза болду

© Sputnik / Игорь Лаухин / Медиабанкка өтүүЧагылган. Архив
Чагылган. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2023
Жазылуу
Ал эртең менен талаада жүргөн.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Сузак районунда 24 жаштагы жигитке чагылган тийип каза болгонун маалымдады. Ал Кашка-Терек айылында талаада жумуш жасап жаткан.
Окуя Сузак милициясы тарабынан каттоого алынган. Каза болгон жигиттин жакындары арыз жазуудан жана сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты.
Облустук милициядан кырсык 19-июнда саат 9:30 чамасында болгонун кошумчалашты.
Жол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2023
Бишкек — Ош жолундагы таңкы кырсык 6 адамдын өмүрүн алып кетти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0