Кыргызстанда курч ичеги-карын инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековОоруканадагы медайымдар. Архив
Ооруканадагы медайымдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2023
Жазылуу
Туура диагноз коюу үчүн дарыгерге кайрылуу керек. Өз алдынча дарылануу сунушталбайт.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кыргызстанда курч кармаган ичеги-карын инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Январь-май айларынын аралыгында ичеги оорулары менен жабыркагандардын саны 4,2 пайызга өстү. Беш айда 8 255 (былтыр ушул эле убакытта 7 782 учур катталган) учур катталды.
Оорунун себептери: жеке гигиенанын сакталбаганы, бала бакчаларда санитардык-гигиеналык нормалардын бузулушу, жуулбаган мөмө-жемиштерди колдонуу.
Симптомдору: алсыздык, баш оору, эттин ысышы, кусуу, ич оору, ич өтүү (кээде кан аралаш чыгат).
Туура диагноз коюу үчүн дарыгерге кайрылуу керек. Өз алдынча дарылануу сунушталбайт.
Төшөктө жаткан кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2023
Уктай албай көпкө жатасызбы? Диетологдун кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0