Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Костюк: фестиваль, конкурстарга улутту уят кылган фильмдерди жибербесек

© Sputnik / Асылбек БактыбековЖусуп Баласагын атындагы КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты Ширин Костюк
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты Ширин Костюк - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2023
Жазылуу
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты Ширин Костюк кароо-сынак, фестивалдарга катышчу тасмаларды электен өткөрүү зарылдыгын айтты.
Ушул жылдын май айынын соңунда өткөн Чебоксары XVI эл аралык кинофестивалынын документалдык тасмалар багытына калыс болуп катышкан Ширин Костюк кароо-сынактарга жиберилчү фильмдер көркөм кеңештен өтүшү керектигине ынанганын айтты. Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып ал Кыргызстандан барган кино купулуна толбогонун белгиледи.
Костюк: фестиваль, конкурстарга улутту уят кылган фильмдерди жибербесек
Костюктун айтымында, аталган кинофестивалга Кыргызстандан жалпы эки тасма катышса, бири этникалык жана регионалдык бөлүгүндө, экинчиси даректүү фильмдер багыты боюнча ат салышкан.
"Чебоксарыда өткөн эл аралык кинофестивалдын кулачы жылдан-жылга кеңейип жатканын анын быйылкы өткөрүлгөн деңгээлинен байкасак болот. Жалпысынан 50дөй тасма келип түшсө, дүйнөнүн 13 мамлекетинен, Россия Федерациясынын 21 субъектисинен келген кинокритиктер калыстык кылышты. Мындан сырткары, кино индустриясында аттын кашкасындай белгилүү режиссерлор, актер, актрисалар, продюсерлер катышты. Мына ушундай 16 жылдан бери өтүп келе жаткан абройлуу фестивалга бизден эки фильм барды. Алардын бирин мен көрө албай калдым, бирок биздин документалдык тасмалар багыты боюнча чоң ата тууралуу бир кино келип түштү. Фильмде кадимки көр турмуш, кыйналган жашоо көрсөтүлгөн. Эч кандай бир өзөгүн таппадык. Канчалык жаман тартылса, ошончолук мыкты деген түшүнүктү карманып эле жаратып коюшкандай сезилди. Фестивалдарга ылайыкташкан фильм десе эле жапайы, караңгы, кыйын жашоо, жетишпегендикти тарта берген туура эмес. Эл аралап, башка мамлекеттердин өкүлдөрүнө көрсөтүлүп жаткан тасмалар эң алгач улуттук колоритти сактап, ошол өз элине таандык болгон бир баалуулукту же башка бир өзөктү камтыса жакшы болот эле. Башка мамлекеттерден деле ушул сыяктуу тасмалар келди. Бирок аларда эч нерсеге карабаган достук же тайманбаган эрдик сыяктуу бир идея камтылган. Көрүп отуруп "бул өлкөнүн эли ушундай мүнөздө тура" деген ой калат. Кино индустриясы бул өзүнчө бир керемет аалам да. Аны менен мекенди таанытуу да, жек көрсөтүү да оңой. "Кыргыз кереметин" жараткан эл ошол деңгээлди сактап калышыбыз керек. Ал үчүн биздин таланттуу жаштар жаратып жаткан эмгектерди туура нукка буруп жана четке чыгып жаткан тасмаларды электен өткөрүп туруу зарылчылыгы бар экен", — деди Костюк.
Ал жаратуучуларда мекенге болгон таза сүйүү күч болсо жаман эмгек жаратпайт деген пикирин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0