https://sputnik.kg/20230620/aksh-menen-kytajdyn-mamilesinde-chon-zhylysh-bar-1076388552.html
Байден АКШ менен Кытайдын мамилесинде чоң жылыш бар экенин айтты
Байден АКШ менен Кытайдын мамилесинде чоң жылыш бар экенин айтты
Sputnik Кыргызстан
Блинкендин сапары Пекин менен Вашингтондун мамилеси Тайвань сыяктуу комплекстүү маселелерден улам кескин начарлап кеткенине байланыштуу уюштурулганы айтылды. 20.06.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-06-20T10:08+0600
2023-06-20T10:08+0600
2023-06-20T10:08+0600
дүйнөдө
кытай
акш
жо байден
энтони блинкен
мамиле
прогресс
https://sputnik.kg/img/07e7/06/14/1076388028_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_45ca0cbae2cd13f07170ff9ddaa228b9.jpg
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Вашингтон менен Пекиндин мамилеси "туура жолдо" экенин, мамелкеттик катчы Энтони Блинкен менен КЭР лидери Си Цзиньпиндин жолугушуусу прогресске өбөлгө болгонун белгиледи. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат кызматына таянуу менен РИА Новости жазды.Президент улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси аркылуу Блинкен менен байланышта болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттик катчы Пекинде чоң жумуш жасады."Биз туура жолдо бара жатабыз", — деди Байден.Эскерте кетсек, Блинкен Пекинге кечээ келип Си Цзиньпин менен жолугушкан. Бул америкалык мамлекеттик катчынын беш жылдан берки Кытайга барган биринчи учуру. Сапар Пекин менен Вашингтондун мамилеси Тайвань сыяктуу комплекстүү маселелерден улам кескин начарлап кеткенине байланыштуу уюштурулганы айтылды.Тайвандын тегерегиндеги кырдаал АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин аралга сапары тууралуу маалымат пайда болгондон кийин курчуй баштаган. Саясатчы Кытайдын мындай кадамдан баш тартууну өтүнгөнүнө карабай Тайбэй аэропортуна 2-августта конгон. Конгрессмен айым өз сапарын "Кошмо Штаттардын Тайвандагы демократияны колдоого умтулгандыгынын далили" деп атаган.Пелосинин сапары 1997-жылдан бери АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикеринин Тайванга жасаган биринчи сапары болду. Андан кийин Кытай бийлиги АКШ менен кээ бир тармактарда кызматташууну убактылуу токтотууну чечкен.
https://sputnik.kg/20230619/blinken-aksh-tayvan-kozkarandysyz-koldoboyt-1076381808.html
кытай
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/06/14/1076388028_188:0:2919:2048_1920x0_80_0_0_1f45492bd6c01b35b1162f5990af0609.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, кытай, акш, жо байден, энтони блинкен, мамиле, прогресс
дүйнөдө, кытай, акш, жо байден, энтони блинкен, мамиле, прогресс
Байден АКШ менен Кытайдын мамилесинде чоң жылыш бар экенин айтты
Блинкендин сапары Пекин менен Вашингтондун мамилеси Тайвань сыяктуу комплекстүү маселелерден улам кескин начарлап кеткенине байланыштуу уюштурулганы айтылды.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Вашингтон менен Пекиндин мамилеси "туура жолдо" экенин, мамелкеттик катчы Энтони Блинкен менен КЭР лидери Си Цзиньпиндин жолугушуусу прогресске өбөлгө болгонун белгиледи. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат кызматына таянуу менен
РИА Новости жазды.
"Өзүңөр деле билесиңер, прогресске жетиштик", — деген Байден.
Президент улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси аркылуу Блинкен менен байланышта болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттик катчы Пекинде чоң жумуш жасады.
"Биз туура жолдо бара жатабыз", — деди Байден.
Эскерте кетсек, Блинкен Пекинге кечээ келип Си Цзиньпин менен жолугушкан. Бул америкалык мамлекеттик катчынын беш жылдан берки Кытайга барган биринчи учуру. Сапар Пекин менен Вашингтондун мамилеси Тайвань сыяктуу комплекстүү маселелерден улам кескин начарлап кеткенине байланыштуу уюштурулганы айтылды.
Тайвандын тегерегиндеги кырдаал АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин аралга сапары тууралуу маалымат пайда болгондон кийин курчуй баштаган. Саясатчы Кытайдын мындай кадамдан баш тартууну өтүнгөнүнө карабай Тайбэй аэропортуна 2-августта конгон. Конгрессмен айым өз сапарын "Кошмо Штаттардын Тайвандагы демократияны колдоого умтулгандыгынын далили" деп атаган.
Пелосинин сапары 1997-жылдан бери АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикеринин Тайванга жасаган биринчи сапары болду. Андан кийин Кытай бийлиги АКШ менен кээ бир тармактарда кызматташууну убактылуу токтотууну чечкен.