Алмамбет баатырдын арманы. Тарттырган жылкыларды табышы. Улуу баяндан 6 факт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүҮйүр жылкы айдап бараткан адам. Архив
Үйүр жылкы айдап бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2023
Жазылуу
Өткөн баянда Алмамбеттин Сыргакты ээрчитип Бээжинге чалгынга барышын айтып бергенбиз.
Алмамбеттин чынар терекке кайрылганы. Алмамбет жанына эр Сыргакты алган соң кытайларча кийинип, Туңша деген шаарга барды. Бул калааны кайкалатып салган Чылаба деген кытай экен. Ошол Чылаба бул жерди небересине энчиге бериптир. Небереси азыр мында келип отурган, жери менен элинен таарынып кеткен Алмамбет эмеспи. Алмамбет туулган жерин, атадан калган ыйык жайын көргөндө балалыгы, жаштыгы, ата-теги, достору эсине түшүп көзүнөн жашы куюлду. Тегерегин тең карап, төрө Алмаңдын көөнү сөгүлүп, көргөн жерден муңайып, көзүнөн жашы төгүлдү. Өз колу менен сайган көчөтү оболоп чынар болуптур, аны атчан туруп кучактап, агып жашы буурчактап айтып аткан жери: "Кирди-чыкты жаштыктан кишиликке жанган жер, дүнүйөсү курусун, киндик каным тамган жер, адамдыкка турган жер, ар ишке моюн сунган жер, атадан калган курган жер, аз болгондо алты атам акимдик кылып турган жер, жеке жалгыз мен эмес, жети атам өткөн курган жер!"
Сыргакка Алмамбеттин айткан арманы. Ушул жерде ал жанындагы Сыргакка жылаңайлак, жылаңбаш, көйнөк кийбей жылаңач, чачы көзгө жетпей ойногонун айтат, ушул жерде атасы кондурган алтын тагы калганын айтат, өнсө өнүп кетер, өнбөсө соолуп калар деп көңүл кош сайган көчөтү минтип чынар болгонун, кандык тагынын көмүлүп калганын, чырпыгы чынар болгонун, ошол чынары минтип төрт кучакка толгонун айтат. "Астында болгон ага жок, Сыргак, ажал кетсе даба жок, Сыргак, Анжы, Манжы, Туңшаны ар канча айтсам мага жок, Сыргак, артымда болгон ини жок, Сыргак, акыретке бет алсам, жайымды билип жан ачып, күйөргө калктын бири жок, Сыргак, жергеси жакын жээн жок, Сыргак, таянарга тага жок, Сыргак, тагдыр жетсе даба жок, Сыргак, бөлөктү койдум бөлө жок, Сыргак, эңкейип кетсем жөлөк жок, Сыргак, кадырым билер калкым жок, ажалдан коркор наркым жок, баркымды билер маалам жок, байкасам мындай аалам жок, кайып болсом дүйнөдөн, кан атам өткөн экен деп баркырап ыйлаар балам жок, жергелеш жакын жерим жок, жети ата тууган элим жок, Сыргак, капыр да болсо зор экен, Сыргак, карап турсам дүнүйө, каңгырган эрдин шору экен, Сыргак", - деп бошошуп, Сыргакты да бошотуп арманын айтып турат. Анан да кыйырынан азган кишинин оң кылган иши сол болорун, бир кезде кытайдан башка эл жок деп ойлогонун, ушул жерде кыдырата чуркап өзөн бойлоп жүргөнүн, шатыра-шатман каткырып күлгөнүн, шо кезде жалган дүйнө кызыкка тойбогонун айтат. Анан да айтып отурса ушул жерден башка да жер бар дешсе таңданган, Турна деген дуу-дуунун кызына ашык болуп артынан түшүп жандаган.
Катылып жаткан алтын найлуу чоң канжа. Ошондогу кашындагы сансыз көп нөкөрдөн бирөө да калбаптыр, төр үйү төрткүл болуптур, сыр үйү жылас болуптур, темирден кылган үйлөрүнүн чалдыбарын чыгарып жер соруптур. Баш көтөргөн журтунун баары кырылыптыр, бактары кыйылыптыр, бакчасы тымтыракай болуптур, дубалдар кулап ор болуптур, туугандары куурап кор болуптур. Ушуларды айтат Сыргакка Алмаң арман кылып. Душманы күчөп зор болгонун, күлбагы кулап ор болгонун, күйөрү куурап кор болгонун, күңдөшү дуулап зор болгонун айтып, өзүнүн күйүттөн жүрөгү чор болуп, күңгүрөнүп турган абалына Сыргактын бир карап коюшун өтүнөт. Акими качкан арам журтту, беги качкан берен журтту, бир кездеги Туңша деген калың журтту эч нерсесин калтырбай бөлүп алышыптыр, ажалдуусу өлүптүр, өлбөгөнүн ар тарапка бөлүптүр, тобунун тозоңун чыгара казып, торопой, доңуз челиптир, калкы тарап бүтүптүр, караң калган кара жер калыңдыктан түтүптүр. Ушуну айтып Алмамбет Анжияндан алдырган, сагаса күлүн салдырган, тартса кумар кандырган, кара мурчтан буулаган, калемпирден суулаган, тарткан адам дуулаган, насыбайын алып, алаканга салып, оозуна жакындатып бир атты. Үшкүрүгү баш жарып, үшүнө келип алганда өткөн кезин эстеди. Какандыктар кыл чайнашып урушуп жатканда Нескара, Жолой – эки дөө артынан кууп келет. Ошол кезде Алмаңдын алтын найлуу канжасы колунан кокус түшүп кетет. Ошону эстеп Алмамбет ат жарышым жерге чейин Сыргакты ээрчитип барып, найзасын бир нокотко сайды. "Арстаным, Сыргак, ушул жер" деди. Ал жер семириптир, шибер чайкаптыр. Алмамбет айткан жерге Сыргак колун салып, канжаны сууруп алып чыкты. Сыйпалап учун караса, алтын найлуу чоң канжа жаткан экен дат басып, найын жарып ат басып. Бу канжанын бери болгондо он жети байталдык баасы бардай. "Ушуну ал, олжоңо, Сыргак" деп ойрон Алмаң күлүмсүрөп, болсулдап күлүп алды солкулдап.
Манас баатыр, Теодор Герцендин иллюстрациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2023
Алмамбет менен Чубактын Макел дөөнү жеңиши. Улуу баяндан 6 факт
Баатырлардын Капсаңдын кара суусуна барганы. Бул Кытайдын суусунун баш-аягына аргымак салса ойнобойт, тогуз найза сайса бойлобойт. Алмамбет билген Шытаа-Кечүү, Таш-Кечүү дегендер бар эле. Ошого барды, эптеп кечүүдөн чыга калса дал маңдайда майпайып, укурук кармап кампайып Карагул чыгып калбайбы. Көрсө, ал алыстан көз салып Алмамбетти карап турган экен. Анан ал түз эле: "Билеги жоон, таш жүрөк, душманга салган чоң дүмөк, бил мүчөлүү бадирек, айбаты арстан, жолборстой алышкан аман болбостой азыр келген сен кимсиң, албарстан кылыч байланган, асмандагы булуттай, аркы-терки айланган, атышкан жоосун жайлаган алп мүчөлүү сен кимсиң, жулкушканын алгандай, журт бийлеген зардалдай, кармаганын оң кылбас, каруусу толук балбандай, карап турган сен кимсиң, Карагулду тутууну самап турган сен кимсиң?" - деп адегенде суракка алып, анан кетенчиктеп калды. Алмамбет кытайча сүйлөп кыжылдап Чын-Мачын шаарынан экенин, кангу калкынан чыкканын, Бакбурчунга бадыша болгонун, бир атадан жалкылыгын айтат. Буларга жаадай учкан Торайгыр бура тартып бута бою келет. Ошол кезде Карагул узун сакал, такма чач Сырттан Сыргакты карап кытайбы деп шектенип турган. Анан Сыргакка мындай сынын айтат: "Келиштирип ат минген, кең соорусу бир кучак, кара байыр тобурчак, качыргандан токтолбос каман сыны бар экен, касташканын бас кылып, алган сыны бар экен, кармаганын катырган балбан сыны бар экен, калк бийлеген, журт кармап зардал сыны бар экен, ташты чапса кескидей албарс сыны бар экен, качырганын соо кылбас жолборс сыны бар экен, миңди көрсө качпаган, миң душмандан бир өзү көп экен деп шашпаган, санды көрсө качпаган, сан душмандан бир өзү санаасын бузуп шашпаган, сундуруп найза тартпаган, сумсайып жоодон кайтпаган султандык сыны көрүнөт". Алмамбет аны жуң-жаң, кулагы укпайт, сүйлөөгө тили чыкпайт деп коёт. Алмамбет Торайгырга жакын барат. Ал жакындатпайт. Карагул Алмамбеттин атына карап "бу жаныбар айгай укса шашпаган, азар-түмөн жылкынын астына түшсө баштаган, ай караңгы түн болсо, адашып жолдон азбаган, билгендей жолду баштаган, бир изин ката баспаган тулпардан чыккан буудан экен, бекер куйрук, жал эмес, бээжиндиктин малы эмес, биздин элдин малы эмес, кайдан чыккан мал деди, кабарын айта сал" деди. Алмамбет бул малдын Кентуга Макел дөө келгенде чабуулда чантуу-буруттан түшкөн мал экен, бизге соогатка берди деди да, ушул малды сиздин жылкыларга кошуп койсом болот эле деп, жүгөндү шыпырып алды эле Карткүрөң желе басып жылкыларды аралай таскактап кирип кетти. Ошондо Карагул Торайгыр атына артылган куржунга шыкама кум салып, андай кылбаса, атым аткан октой учуп кетет деп, Алмамбетти теше тиктеп "жаадай Сарала ат минген, сары алтындан тон кийген, санды түмөн кол болсо, жазганбай жоого бир тийген сандыргалуу сен жигит, жаалың катуу эр жигит, жакындаба өзүңүз, жалындуу турат көзүңүз, канкор бурут келди деп, кападабыз өзүбүз, оройлук болот мунуңуз, шо жерге токтоп туруңуз" деп булуттай учкан Торайгырды бучкакка камчы менен бир чаап кабар берүүгө Кентунга карап жол алды.
Жылкыларды айдай качуу. Адамдын сынын так айткан, жылкынын сынын андан бетер ак айткан бу киши оңой киши эмес, аярдын бири экен, Эр Сыргак сенден кем эмес экен, кууганда ага жетпейбиз, ал туш-тушка кабар берип, куугун келип айлыбызда кетирет деп Алмамбет шашып калды. Мубакүлдүү найзаны кагып алды, какканда найза күңгүрөп, түмөндөп жаткан көп жылкы түп көтөрө дүңгүрөп, Каспаң тоонун оюна Кара суунун боюна, аяк-башы көз жетпей чогула калды. Алты жүз экен жылкычы, үрккөнүндө жылкысы кай бирөөндө аты бар, кайсы бири бейкабар, жолум үйдөн дүргүшүп, ыштан салды кылгандар чалбарына мүргүшүп, жүрөк оозго тыгылып, ычкырларын үзүшүп, үстөмөндөн түшүшүп, маңдай-тескей жыгылып, кочкордон бетер сүзүшүп, шашып тура калышып, чапанынын ордуна чалбарын колуна алышып, жеңин таппай желбегей жыпжылаңач калышып, чочуп тура калышып, тебетейим экен деп, байпагын колуна алышып, башына кие салышып, найза, кылыч, анда жок, урушту ойлой калышып, укуругун алышып, укурук колдо короңдоп, уйгу-туйгу сороңдоп, убара тартып турушту. Эр Алмамбет ошондо кыйкырып айгай салды, колундагы Алмабаш мылтык чаңырды. Арстан Сыргак, Алмамбет жылкыларды аралап, жылкычыларды сулатып, найза салып кулатып, жылкыларды дүргүтүп айдады. Кулун-тайы аралаш, отуз жүз миң аскерге ушу болор союш деп, союш жеп алып кыргыздар кытайга кыргын салар деп аралдагы жылкынын башынан ылдый жапырды, тозоңун тоодой сапырды. Баштаганы Карткүрөң, баатыр Сыргак, эр Алмаң бакырып салып чоң сүрөөн, айгайын арбын салыптыр, Шытаа-Кечүү, Таш-Кечүү шыпкалып жылкы кечиптир, капкага жакын калганда Карагул чочко жетиптир.
Карагулдун кайгайы. Ошол Карагул Торайгыр менен желдей учуп баратканда эч бир үркпөс жаныбар үркүп кетиптир, үстүндөгү Карагул ээрден көтү кылтайып, үзөңгүдөн бут тайып, араң-араң карманды. Капка кайтарган жайсаңдардын сулайып өлүп жатканын көрдү да, Коңурбайга кабар берүүгө бурулду. Шытаа-Кечүү бет алып келе жатса, чаң созулуп буркурап, тай-кулуну чуркурап, айдалып келет жылкысы. Анан жылкычы башы Карагул жылкылардын алдынан "ай-ай-ай-ай, какай" деп, астынан каршы тосуптур, тосконго болбос Карткүрөң жылкыны баштап озуптур. Бир четин тоссо, бир чети тосулбай, көт жагы селдей каптады. Карагул жылкы тебелейт деп капканы көздөй Торайгырын айдады. Капкада он алты жылкы учурап, алар бурутка кеткенче өлтүрүп өзүм жайлаймын деп канжырын алып кырып салды. Ошондо ал "атаганат дүнүйө, алиги келген бир жигит, айбаты суук эр жигит Алмамбеттин өзү экен, капылет калган экенмин, карарган кара көзү экен, мен Карагул шордуунун кара баскан кези экен" деп Кара суудан кечүүгө, Каспаңда Коңур баатырга кабарын айтып жетүүгө жөнөй бергенде капталынан качырып Алмамбет алтындуу кемер чети деп, айдалынын бети деп, арбак урган Карагул, ажалың эми жетти деп, найзасын сунуп шилтеди. Ээрден көтү кылтайып, үзөңгүдөн бут тайып, Карагул барат калпаңдап, эки өңүрү далпаңдап. Түндүкчүнүн Торайгыр, түмөндөн чыккан зор айгыр, желмаяндай союлгур, желкайыптын баласы жеткирүүчү мал эмес, арышын кенен чурап, артынан чаңы буралып кетип барат, Алмамбеттин Сарала жетпей барат. Акыры алар Каспаңдын Кара суусуна жеткенде Карагул кечүүсүз жерге салып, үстүндөгү адамы сууга акты, суурулуп чыккан Торайгыр жолго салды. Бул кезекте түн эле. Алмамбет не болгонун ажырата албады, Карагул кутулуп кетти, Коңурбайга кабар жетти деп ойлоду. Алмамбет айгай салып бакырып, желегин жерге жапырып, доол согуп, карс коюп, мылтык атып, тарс коюп, Манас менен Чубакка жетсем деп ашыгып ат айдашып жөнөштү. А баягы ээси сууга аккан Торайгырдын араандай оозу ачылып, ак көбүгү чачылып, Эр Коңурбай баатырга, түркүгү алтын чатырга жетет да, чарадай болгон чоң туяк менен чапчып жерди тебет. Күрсүлдөп тушу казылып, Коңурбай көзү ачылып, жүгүрүп чыгып эшикке карай салса чамбыл ала чаң болуп, адамы жок жапжалгыз Торайгыр турган экен дал болуп. Жылкыларын буруттар алып кеткенин билди ошондо кайран Коңур кайгырып...
Алмамбет. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2023
Алмамбеттин Сыргакты ээрчитип Бээжинге чалгынга барышы. Улуу баяндан 8 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0