Алмамбеттин Сыргакты ээрчитип Бээжинге чалгынга барышы. Улуу баяндан 8 факт

© Фото / предоставлено Майрамкулом АсаналиевымАлмамбет. Архив
Алмамбет. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2023
Жазылуу
Ошентип Манас төрө баш болуп, эрендер найзаны салып карыга, кылычты байлап белине, ок өтпөс темир тон менен как Бээжиндин өзүнө бет алды.
Бээжинге жакындаган берендердин окуялары. Эки түн, бир күн жүргөн кезде буларга Кытайдын бир жери көрүндү. Ошол кезде Чубак чочуп калды, бул Алмамбет "кытайга бизди туткун кылып бергени келди беле, кайнабасын шорубуз, жайылбасын торубуз, сап болбосун ордубуз" деп. Анда Сыргак элейип туруп калат. Кайран Манас шондо да былк этпейт, болкулдап күлүп, божурап сүйлөп жүрөт. Асты жакта карарып дүпүйгөн бак көрүнөт, анын мөмөсү жерге төгүлөт – каалагандын баары бар. Андан ары найзанын учу жылтылдайт, аскердин башы кылкылдайт, жер союлуп былкылдайт, булардан Алмамбеттин чочуп калар түрү жок, дагы алдыга жылат. Кытайдын мылтыктары тарсылдайт, асый аттай дөбөт иттер ар тараптан арсылдайт, жолдун өйүз-бүйүзүндө отуз жолборсу күркүрөйт, ажыдаар аркырайт, анын айнектей көзү жалтырайт. Буларды көрүп жоо бөрү баатырлардын жон териси дүркүрөсө да, алдыдагы Алмаң бир былк этип койбот. Эрендер айланып өтүп сеңирден дагы бир жанды көрдү: туяктары туюк таш, жеке өзүндө жети баш, ошол башта көк сур чач, чачын көрсөң аркандай, чамынганы аргандай, айбатын көргөн адамдар ажалдан мурун ал жерде коркуп өлүп калгандай. Өтө берип ал жерден аркан бою коо көрдү, коосу бийик зоо көрдү, коого салган көпүрө чоюндан куйган түркүгү, чоң короодой түндүгү, темирден салган устуну. Көпүрөгө даңгыл жол алып барат. Жол боюнда калың кол турат. Муну көрүп айласы алты болуп турушканда Алмамбет секирип түшмө жалгыз жол тапты, артынан беркилер түштү. Бир кез көпүрөдөн өтүүгө Көк жал Чубак камынды, аны көрүп Алмаң айкырды, "көмүлгүр, Чубак, ушинтип түпкө жеттиң, кайта тарт" деп бакырды. Көктекенин бир колу көпүрөгө тийгенде топ замбирек туш-туштан токсон мылтык атылды, кытайлардын тогуз жүзү бир ооздон кыйкырды. Ошондо эрдемсинген Эр Чубак шашты да, коого кире качты да. Өзүн бир аз токтотуп Алмамбеттин жанында турган Сыргак баатыр "кытайлар бизге неге тийбеди, биздин чалгынга келгенди неге билбеди" деп сурайт. Анда Алмамбет кеп айтат, арсаңдап күлүп, бек айтат: "Бул жердин сырын билбесе, жан адам жакын келе албайт, өнөр менен чаптаган, өздөрү үчүн сактаган, жайнап жаткан кол болгон, кумурскадан мол болгон арстаны, жолборсу – арип, сүрөт баарысы", – дейт. Сүрөттөрүн көрүп берендер таң калды, кытайдын кыйындыгына там берди.
Алмамбеттин акылы. Кеп-сүрөт менен кез келдик, кармашар адам кайда деп, баатырлар дагы жол улады. Алмамбет шондо кайнап жаткан Каканчын, тунуп жаткан Туңша, түтүнү туман Түп-Бээжин, Чылан, Дарбан, Чын-Мачын барын, Туңша калаасына бир айчылык жол калганын айтат. Анан Алмамбет кытайлар туюкка жылкы салганын, туюнуп калганын, бектикке боюн салганын, беленденип калганын баатырга билдирип, ат жетпеген жөөсү көп, алпы менен дөөсү көп капырга кармалып калбайлык, бул жерде бели катуу, бек айбат, бейли катуу Чубак жолдошуң экөөң калгыла, биз сырдашам Сыргак экөөбүз мындан ары кетели дейт. Кечинде Алмамбет менен Сыргак кайнап жаткан кытайдын калаасын көздөй аттанды да, берки экөө ошондо калды.
Кытайлардын кеңешке чогулушу. Манастын колу келе жатканын, ал эмес келип калганын аярларынан билген кытай каны Коңурбай, Кырмусшаанын Мурадыл, кызыл чоктуу Нескара, калмактын Ушаңы, кара жалдуу Бороончу, каткалаңдын Сайкалы, Солоондон Алооке, доңуз мүнөз эр Жолой, Токшукердин Бозкертик, Солобонун Соорондук, дагы-дагы башкасы, арасында аяры бар, атышкан жоого даяры бар, кылымдан чыккан кыяры бар, кыйырына келген душманды кызылдай кыргын кылары бар, урганын жыккан балбаны бар, урууну билген зардалы бар, тилге жүйрүк чечени бар, билеги жоон балбаны бар, билими артык зардалы бар, салышканда душманга заман акыр салганы бар. Ушунун баары чогулуп турганда Жылас Көөдөң дегени келди жыла басып. Ал келгенде Эсенкан өзү орун берип тура калды. Бу капыры мүрөктүн суусун ичкен экен, үч жүз элүүгө кирген экен, далай дөөнү жалмаган экен. Ал айтат, бу Манас бизди соо койбойт, ал келгенде карчашкан бенде соо болбойт, каканды булар соо койбойт, аскерден бизге айла жок, андан көрө элге салык салгыла, алтымыш миң кыз алып, акылга дыйкан уз алып, ак боздон жорго мингизип, алтындуу торко кийгизип, алтымыш миң жамбы алып, астынан тартуу киргизип, урушпастан калсаңар, ушу сөздү эске алсаңар дейт. Анан кептин кезегин Какан шаарынын дуу-дуусу Чабала алып, баарынын тогуз айдан бери шаарларынан чыкпай үтүрөйүп камалып жатканын, кабарчы кулжанын качып келгенинен бери калтырашып турганына ачуусу келет, уруксат берсеңер, душмандын алдынан мен урушка кирейин, беттешпей туруп душманга тартуу бериш кандай кеп дейт. Муну угуп Коңурбай ордунан тура калды. Алжыган Ыраң Көөдөң деп, сөзүн туура көрбөдү. Ошондо Көөдөң акырын чыгып жөнөдү. Чыгып барып көз байланар кезинде Алакеңдин үстүнө барды. Эр Алмамбет аны көрүп атынан бүгүлө түшүп, амандашты. Азыр Чабала келерин, аны жок кылуу керектигин айтып чыгып кетти жанынан Алмакеңдин алдынан Көөдөң.
Чабала менен чабышуу. Анан алты дуу-дуу кошчу алып, Чабала чаап жетип келди. Кудай кулду берди деп, кууп ажал келди деп, Чок-Камыштын четине мылтыгын кармап бетине, Сырттан Сыргак токтолду. Алаңгир жаа, сыр жебе асып алып мойнуна Чабаланын келерин аңдып Алмамбет турган былк этпей. Бир убак маңкаңдата бастырып, деңкеңдете желдирип, Каканга дуу-дуу Чабала кашына келип калды эле, кыйып өтө бергенде, кыраан Алма баатырың кыйкырып чыгып акыры, кый сүбөнүн тушуна кыйгактуу найза мылгытып алды. Бир жагынан жоо бөрүсү Эр Сыргак качырып чыкты бетинен. Бет келбей качкан кытайларды бир-бирден сайып эки эр бир кумардан чыгышты. Карынын тилин албаган Чабала шору кайнады. Алты атын айдап Арстан Манас, Чубакка Алмамбет, Сыргак барды эле "соога, баатыр, соога" деп, Эр Чубак тура калды.
Этнофестиваль. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2023
Төрт баатырдын Кытай калааларын дүрбүдөн көрүшү. Улуу баяндан 7 факт
Алмамбеттин жай ташы. Анан Алмамбет Камбылдын кара суусуна жай таштын төртөөн салды, Касыйдадан кат окуду, калмакча кара дуба жат окуду. Айтып оозун жыйганча, ачып көздү жумганча, Айдын көзү байланып, жылдыздын баары жабылды, жылгадан туман табылды, тоодон булут толгонуп, бөксөдөн булут бөлүнүп, кыбыладан күркүрөп, кызыл мунар көрүнүп, көнөктөгөн немедей, көктөн көк кашка мөндүр төгүлдү. Арыктын баары жыгындап, аңдын баары тыгындап, асмандан алты сай мөндүр шыбыргак, борошосу бургулап, адамдын башын көтөртпөй, аркы-терки ургулап, туурадан туман дүркүрөп, Каспандын улуу тоосуна кара шамал күркүрөп бир алаамат күн болду. Ошол бойдон борошосу басылбай, жааган күнү ачылбай, бирде жамгыр дыбырлап, бирде келип шыбыргак, алты күндүк жолуна аркы-терки кардады, алтымыш казык, жүз чынжыр, токсон баштуу жолум үй ар жеринен асылып, жылкычылар кармады. Ошол кезде жылкычы башы Карагул эле, ал муну кылган Алмамбет гана болушу мүмкүн деп ойлоду. Эки күнү, эки түн шыбыргак жаады, анан Карагул жылкы ичинде алачамай кулундар, кысыра тайлар, кырылып кетчү малдар бар экенин айтып, "ойго жылкы айдаңар, үшүнтүп көңүл жайлаңар, чөлгө жылкы салалык, чөңөрлүү түзгө баралык" дейт. Карагул ушинткенде алтымыш казык жүз чынжыр, токсон баштуу жолум үйдүн баары чечилип, бартал атка жүктөлдү. Токсон жүз жылкычы жылкыларын тоодон ойго айдады, Чөңөрлүүнүн боюна, Чөкмө-Тоонун оюна, бир чекесин жылкынын Чоң-Бээжиндин боюна, Чоң-Кучканын оюна жайнатып, анан жайланып жатып калды. Шо кезде Алмамбет жай ташын суудан алды эле, сары жел жүрдү, чымын учту чыркырап, чымчык учту чуркурап, жерден булоо буркурап, сасык туман, жөө туман тарады көккө быркырап.
Кытайлардын кыйсыпыр түшүшү. Муну кылган Алмамбет экенин, ал буруттардын арасына кеткенин билген кытайлар ар тараптын баарына ат менен кабар салыптыр, атпай Какан журтунан аскер жыйып алыптыр. Көпчүлүктүн ичинде көтөргөнү саадак ок, күмүш күрсү балбандар бар, качырган жоосун сулаткан, камыш кыйып улаткан, тарамышка каптаган, желим менен чаптаган, душман үчүн сактаган, узундугу миң кулач найза көтөргөн баатырлары дагы бар, оно бою мунардай, он кулач кылыч байланган дөөнүн баары мында бар, ат мингенди билбеген жөөнүн баары мында бар, өлүмдү билбес айбан бар, таш жүрөктүү баатыр бар, эч өлүмдү билбеген эче түрдүү капыр бар, мылтыкка адис мерген бар, очогор мылтык алган бар. Эң улугу Эсенкан, баатыр башы Коң төрө. Бири айтат: өрдөк менен кулжага ишенип бурут келип калды деп мынчалык неге бүлүндүк дейт, бири айтат: буруттун жолун Макел дөө, андан калса Чабала тосот деп. Ушинтип ар нерсени айтып азезилге сыйынып турганда Алмамбет менен Эр Сыргак Анжы, Манжы, Туңшага аралашып кетишти.
Алмамбет менен Сыргактын кытайча кийиниши. Алмамбеттин бөктөрүнчөк чабаданда кеткенде кийген кийими бар экен, ошол кытайча кылган чалбар шымын, чобдор өтүк такасыз маасысын, жакасыз торгун чепкенин, тубары күрмө, туура жең, кончу кең туюк өтүгүн, малакайын кийди. Сыргак баатырды жолдош кылып кашына, ага Чабала үстүн кийгизди, дуу-дуулук чаркын чактап билгизди, борумун кытайча кылды. Туулгасы тултуюп, турат Сыргак мултуюп, карап көрүп кан Алмаң катуу күлдү кутуруп. Алмамбеттин күлгөнүнө, кытайча кийинип турганына Сыргак намыстана түштү. Булардын кийимин кийбеймин деп чыр салып, малакайды ыргытты. Айласы кетип Алмамбет алдап-соолап "эми, Сыргак, үндөбө, эсеби жок кытайдын элин көрүп сүрдөбө, андай-мындай сүйлөбө, кытай болуп кымпыйып, жүрөгөр деп зыңкыйып, ушу бизди көргөндө урмат кылар улук деп, ушу жолу унчукпай, боло көргүн дудук" деп Алмамбет айтты үйрөтүп. Ал өзү болсо кыжылдата сүйлөсө, кытайдын тили өзүндө, кыйгач тартып караса, кытайдын сүрү көзүндө, балдырата сүйлөсө, манжынын тили өзүндө, бакырая караса, баашалык сүрү көзүндө.
Экөө ээрчишип Туңшанын кирди жолуна. Эртеси жок, кеч экен, көк жал Алмаң барганда көз байланган кези экен. Сундуңунун кошуна туштап келип турушту. Алмамбет аскер башчың чыккын деп, кытайча доол уруп айтты: "Буруттун журту келиптир, келген менен жазасын Мырдар Макел бериптир, кезиккенин Макел дөө алмадай кылып алардын баштарын үзүп алыптыр, башчылары өлгөн соң, башкасынын баарысы качып кетип калыптыр" деп, аларды ошол жакка барууга, буруттан өч алууга чакырды. Арстан Алмаң алдаптыр көрсө. Анан экөө Манжуруя колуна барып, аларга да баягы сөзүн айтып, аларды да алдап Кентундун кең жолуна салыптыр. Андан өтүп Алакең Аңгүктүн жабай журтуна аралап кирип барып, аларга да айкырды, буларды салды терс жолго. Алмамбет анан баштап алып Сыргакты барды капка жагына. Ал капканы алтымыш адам араң ачып, алтымышы араң жапкандай. Орчун көчө жолу бар, ал капканы кайтарган он эки миң колу бар. Капка кайтарган балтыры бала белиндей балбандар, басташканды бас кылып алгандар экен. Алмамбет келип аларга алтын доол урду эле, алдына келип Алмаңдын аксайып карап турушту. Ошондо Эр Алмамбет айбатын салып кеп айтып, кеп айтканда бек айтып, аттангыла деп айтып, алтындуу тону жаркылдап, зумуруттан жыгасы маңдайында жалтылдап, таажысы көөхар башында, падыша болуп кытайга жүргөн кездей буйрук берди эле күзөтчүлөр күпчүңдөп атка минип, Кентунду көздөй сызды.
Манас баатыр, Теодор Герцендин иллюстрациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2023
Алмамбет менен Чубактын Макел дөөнү жеңиши. Улуу баяндан 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0