16-июнга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПеревал Тоо-Ашуу. Архивное фото
Перевал Тоо-Ашуу. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Жазылуу
16-июнда түнкүсүн республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жумада күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +32…+37, Талас облусунда +31…+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +34…+39, Ысык-Көл жеринде +23…+28, Нарын өрөөнүндө +22…+27 градусту көрсөтөт.
Абанын табы Бишкекте +34…+36, Ош калаасында +36…+38, Чолпон-Атада +23…+25 градус ысыйт.
Күндөн калкаланып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Июль ичинде аба ырайы кандай болот. Бир айлык божомол
Жаңылыктар түрмөгү
0