Жүрөгүмө Кыргызстан орноп алган. Кыргыз тилин үйрөткөн немец кызынын маеги
Жазылуу
25 жаштагы Виктория Кринвальд 16 жашынан бери кыргыз тилин үйрөтүү менен алектенип келет. Анын өзүнүн окутуу методикасы бар. Немец кызы Виктория Кыргызстандан кетүүнү каалабайт.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде борбордо ыктыярчы катары акысыз кыргыз тилин үйрөткөн Виктория Кринвальд болду. Биз анын ишмердүүлүгү тууралуу баарлаштык.
— Кыргыз тилин кандайча үйрөнүп калдыңыз? Алгач өзүңүз менен кененирээк таанышып алсак...
— Улутум немец. Казакстандан Кыргызстанга келгениме 15 жыл болду. Казакстанда төрөлүп, 5-класска чейин казак мектепте окугам. Досторум менен классташтарымдын баары казактар болчу. Эки элдин тили окшош эмеспи. Кыргызстанга келгенде мектептен алгач казак ариби менен жат жазуу жазгам. Анан мугалим таң калып, башка мугалимдерге көргөзүп "бул кыз эмнени жазып салган?" дегенинен "мен Казакстандан келгем. Силерде мындай жокпу?" деп сураганым эсимде. Ошону менен кызыгып калдым. Ага чейин баары эле казак ариби менен жазат го деп ойлочумун. Көрсө, кыргыз тилинде кириллицадан өзгөчөлөнгөн үч эле ө, ү, ң деген ариптер бар экен. Мындай караганда оңой. Ошону менен жарым жылда таза сүйлөп калдым. Ага чейин грамматикасын, кыргыз тилинин эрежелерин да билчү эмесмин. Бир ай курста окудум. Негизги грамматикасын өздөштүргөндөн кийин "кыргызча билет экенсиң" деп окутпай коюшту. Бирок көп китептерди, жомокторду, адабий китептерди, грамматикаларды өз алдымча окудум. Сыймык деген классташым жардам берчү. Экөөбүз олимпиадаларга да бирге катыштык. Кыргызстанда орус класста окудум. Анан 15-16 жашымда мага кыргыз тилин үйрөтүү сунушу түштү. Атайын колдонмо китепти алып карап көрсөм колумдан келчүдөй. Ошону менен окутууга кызыгып калдым. Азыр сабагымды берилүү менен өтөм, "сиз абдан кызыктуу окутат экенсиз" деген окуучуларым көп.
© Sputnik / Асель СыдыковаВиктория Кринвальд: 15-16 жашымда мага кыргыз тилин үйрөтүү сунушу түштү. Атайын колдонмо китепти алып карап көрсөм колумдан келчүдөй. Ошону менен окутууга кызыгып калдым.
Виктория Кринвальд: 15-16 жашымда мага кыргыз тилин үйрөтүү сунушу түштү. Атайын колдонмо китепти алып карап көрсөм колумдан келчүдөй. Ошону менен окутууга кызыгып калдым.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Негизи кимдерди окутасыз?
— Мага бардык улуттагылар келе берет. Ар бир аффикс менен мүчөнү түшүндүрүп, кичинекей структурасына чейин көңүл буруп окутам. Негизи башында Telegram аркылуу онлайн окутчумун. Алгач 100 окуучу, андан кийин 200, 300, 400 болуп көбөйүп кетти. Аларга ар кандай викториналарды, кыргыз тилин үйрөтүүчү оюндарды, түрдүү сөздөрдү да салып койчумун. Адамдар кызыгып катыша берет. Онлайн-сабагымдын аягында "ушундай дарек боюнча кыргыз тилин бекер окутам, каалоочулар келгиле" деген жарыя илип койгом. Айтылган убакта алты адам келди. Мен абдан таң калдым. Күткөн эмес элем. Алардын кыргыз тилин үйрөнүүгө кызыгуусу бар экенин билгенде абдан сүйүндүм. Мага мотивация берди. Ал кезде негизги жумушум бар болчу. Англис тилинен да сабак берчүмүн. Убакыттын өтүшү менен кыргызчаны үйрөнүүнү каалаган окуучуларымдын саны 12, 15, 20 болуп көбөйө берди. Ишемби, жекшемби күндөрү гана сабак өтчүмүн. Ошентип дагы тайпа ачуу сунушу түштү, себеби киши көбөйүп кеткен. Кийинки тайпага 5-6 киши келет го десем, ага 23 киши кирди. Жакында үчүнчүсүн ачтым. Азыр англис тилинен баш тартып, жалаң кыргыз тили менен иштеп калдым.
— Кыргызчаны муктаждыктан эмес, жөн гана кызыгып үйрөнүүнү каалагандар барбы?
— Бар. Туристтердин арасында тилге кызыгып калып, үйрөнүүнү каалагандар кездешет. Бирок көп эмес. Негизинен кыргызстандыктар келет. Көбүнчө окуучулар, студенттер, мамлекеттик кызматта иштегендер да бар. Анткени иш кагаздарын жүгүртүү кыргыз тилине өтүп жаткандыктан кыйналып калышкан.
© Фото / Виктория КринвальдВиктория Кринвальд: келгендердин кыргыз тилин үйрөнүүгө кызыгуусу бар экенин билгенде абдан сүйүндүм. Мага мотивация берди. Ал кезде негизги жумушум бар болчу.
Виктория Кринвальд: келгендердин кыргыз тилин үйрөнүүгө кызыгуусу бар экенин билгенде абдан сүйүндүм. Мага мотивация берди. Ал кезде негизги жумушум бар болчу.
© Фото / Виктория Кринвальд
— Сиздин курсуңузда канча убакыттан кийин кыргызча сүйлөп калышат?
— Курска февралдын аягында келген адамдарды базарга алып барсаңыз бир нерсе сатып алууга жарайт. Жөнөкөй сүйлөмдөрдү айта алышат. Суроолорго бир аз кыйналып жооп беришет. Себеби практика жок. Аларга эми грамматиканы үйрөтүп жатам. Кызыгуу менен өздөштүрүп жатышат. Алгач оор темалардан баштасак качып кетишмек. Ошол себептен жөнөкөй сүйлөмдөрдөн баштап кызыктырабыз. Теория менен практика айкалышышы керек. Жакын арада студенттер менен бирге тоого чыгып практикалоо ниетим бар. Сабак өткөн мага абдан жагат. Өзүмдү ушунчалык жакшы сезем. Муну сөз менен жеткирип бере албайм. Мага негизинен педагогикалык кесип жагат экен. Бир ирет офис-менеджер болуп иштегем. Бирок жаккан эмес.
— "Кыргыз тилин үйрөтүүчү курстар кызыктуу эмес" дегендер болот. Сизге келген адамдар кантип кыска убакытта сүйлөп калышат? Кандай ыкмаларды колдоносуз?
— Менин студенттерим "ар бир мүчөнүн варианттарын чечмелеп, сөздөрдү өз орду менен кынаптап айтып бересиң. Кичине балдарга үйрөткөндөй баарына бирден токтолуп, түшүндүрүп, сабак берип жатасың" дешет. Мүмкүн ошол үчүн кызыгышат чыгар. Курсту эң жөнөкөй сөздөрдөн баштайм. Мен ал сөздөрдү грамматикага айландырып жеткирем. Үчүнчү тайпамда да 25 адам бар. Бир кабинетке батпай калгандыктан жерде отуруп окугандары болот. Ушунчалык тил үйрөнүүгө кызыгышат. Буюрса алдыда төртүнчү топту ачууну ойлонуштуруп жүрөм. Алар тил билүү деңгээлине карата кадимкидей бөлүнүшөт жана улам улантып окуй беришет.
Сабакта сөздөрдөн бөлөк ыр да ырдайбыз. Мисалы, Мирлан Баековдун "Кызыл өрүк" деген ырынын котормосун алып, маанисин чечмелегенбиз. Анан курста окуган студенттер менен биргеликте "Ынтымак" паркында "Кызыл өрүктү" ырдадык. Аябай көңүлдүү болгон. Жакында кыргыз тилин үйрөтүү боюнча методикалык китеп чыгарууга аракет кылып жатам. Баары даяр. Болгону материалдык шарт жок болуп жатат. Мага бир орунда китеп жазып жана сабак өтүп отуруу үчүн жай керек. Учурда Сокулукка, Кантка, Токмокко да чакырып жатышат. Бирок кабинет жок. Эгер сабак өтө турган жер даярдап беришсе, барып окутуп келип турмакмын. Же баарын бириктирип онлайн-курс ачмакмын. Азыр жеке иш ордум жок болгондуктан кыйынчылык жаралууда.
— Үй-бүлөдө сизден башка да кыргыз тилинде сүйлөгөндөр барбы?
— Менден эки жаш улуу эжем бар. Ал кыргызча түшүнгөнү менен кыйналып сүйлөйт. Билбейм, мүмкүн тил үйрөнүүгө убагында кызыккан эместир.
© Sputnik / Асель СыдыковаВиктория Кринвальд: Сабакта сөздөрдөн бөлөк ыр да ырдайбыз. Мисалы, Мирлан Баековдун "Кызыл өрүк" деген ырынын котормосун алып, маанисин чечмелегенбиз.
Виктория Кринвальд: Сабакта сөздөрдөн бөлөк ыр да ырдайбыз. Мисалы, Мирлан Баековдун "Кызыл өрүк" деген ырынын котормосун алып, маанисин чечмелегенбиз.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Кыргыз тилинде өтмө, кыйытма маанидеги сөздөр бар. Окуучуларыңыз тил үйрөнгөндө эмнеден кыйналышат?
— Окуучуларыма фразеологизмдерди бербейм. Анткени алар бул деңгээлге жете элек. Учурда жалгыз окутам. Бирок ыктыярчылар практика өткөрүүдө мага жардам беришет. Өзүм да адабий сөздөрдөн бир аз кыйналам. Быйыл Бишкек мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана адабияты факультетине тапшырганы жатам. Буюрса дипломдуу филолог болуп чыгам.
— Китептерди кайсы тилде окуйсуз?
— Кыргыз жана англис тилинде окуйм. Өзүмдүн эне тилим болгон немец тилинде сүйлөй албайм. Бирок кыргызча билем. Кыргызстанда кыргыз тилин үйрөнүүгө муктаждык бар. Пандемия маалында көп адамдар кайрылышты. Алар телефон номеримди кайдан таап алган, билбейм. Көбүнчө окуучулар ата-энелери менен мага байланышып, "кандай кылышты билбей калдык. Башка сабактардан бааларыбыз жакшы болгону менен кыргыз тилинен "3" алып жатабыз. Дил баян жазуу да кыйын болуп жатат. Жардам бериңизчи, кандай кылалы?" дешти. Ушундай муктаждык бар, бирок англис тилин үйрөткөндөй ыкмалар менен иштеген педагогдор аз. Мен кыргыз тилин билем жана жардам бере алам. Айрымдар "кыргызча окуп эмне кыласың, андан көрө эне тилиң, немец тилин үйрөнүп албайсыңбы" дешет. Ооба, кааласам, үйрөнүп алам. Тил үйрөнүү мага оордук жаратпайт. Бирок мен кыргызча сүйлөөгө жана үйрөтүүгө кызыгам. Ушул багытта изденем. Мүмкүн жөндөмүм бар үчүндүр. Балдарга жана элге жардам бергим келет. Азыр жайкы эс алуу маалында кыргызча бир аз өздөштүрүп алышса, анан сабакта кыйналбай калышат. Кызыкпагандарды кыйнабайбыз. Бирок биринен бири угуп эле кызыгып келип жатышат. Күнүнө 10-15 адам телефон чалат.
— Тил үйрөнүүдө эмнеге көңүл буруу керек?
— Жөнөкөйлөтүп баштоо керек, көбүнесе практика талап кылынат. Мен кыргыз тилин бекер окутам. Бирок азырынча жеке офисим жок.
© Фото / предоставлено Викторией КринвальдВиктория Кринвальд: Айрымдар "кыргызча окуп эмне кыласың, андан көрө эне тилиң, немец тилин үйрөнүп албайсыңбы" дешет. Ооба, кааласам, үйрөнүп алам. Тил үйрөнүү мага оордук жаратпайт. Бирок мен кыргызча сүйлөөгө жана үйрөтүүгө кызыгам.
Виктория Кринвальд: Айрымдар "кыргызча окуп эмне кыласың, андан көрө эне тилиң, немец тилин үйрөнүп албайсыңбы" дешет. Ооба, кааласам, үйрөнүп алам. Тил үйрөнүү мага оордук жаратпайт. Бирок мен кыргызча сүйлөөгө жана үйрөтүүгө кызыгам.
© Фото / предоставлено Викторией Кринвальд
— Тил үйрөтүүдөн тышкары эмнеге кызыгасыз?
— Кыргызстандын жаратылышына суктанам. Тоого чыкканды жакшы көрөм. Табиятка чыкканда жыргайм, суктанам. Сезимдеримди сөз менен жеткире албайм. Анан кыргыз тилине кызыгам. Жүрөгүмдө дайыма Кыргызстан жашайт.
— Келечегиңизди кандай элестетесиз? Мүмкүн чет мамлекетке кетүүнү ойлоп жүргөндүрсүз?
— Мага көбү "англисче жакшы билесиң, бул жакта эмне кылып жүрөсүң, кетпейсиңби? Кыргызстанда келечек жок" деп айтышат. Бирок аларга берер бир эле жообум бар, мен кыргызстандыкмын. Башка мамлекеттерге саякаттап барышым мүмкүн. Эл катары мен да жер көргүм келет. Ошентсе да бул өлкөдөн эч жакка кетпейм. Буюрса үй алам. Жүрөгүм Кыргызстанда эле калат. Мекенимди алмаштыргым келбейт.
Азыр тил үйрөтүү менен иштей турган кыргыз тилчилер жокко эсе. Көбү кызыкпайт. Эгер кайрылышса методикаларым менен бөлүшмөкмүн. Кыйын ыкма менен баштасаңар өзүңөр да кыйналасыңар. Кыргыз тили татаал эмес, сонун тил.