https://sputnik.kg/20230528/dastanchylyk-toktobolotov-maek-1075735510.html
Дастанчылардын жумуш табышы кыйын. Улукбек Токтоболотовдун маеги
Дастанчылардын жумуш табышы кыйын. Улукбек Токтоболотовдун маеги
Sputnik Кыргызстан
Дастанчылык — кыргызга таандык уникалдуу өнөр. Жакында эле Ош шаарында дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык фестивалынын алкагында дастанчылар сынагы да... 28.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-28T20:31+0600
2023-05-28T20:31+0600
2023-05-31T17:46+0600
кыргызстан
искусство
"манас" театры
маек
маданият
улукбек токтоболот уулу
https://sputnik.kg/img/07e7/05/1c/1075735183_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_23e46ab2f8825b86ccb6077d1fc0a33b.jpg
Sputnik Кыргызстан редакциясына "Манас" театрынын дастанчылар бөлүмүнүн жетекчиси, дастанчы Улукбек Токтоболот уулун чакырдык. Биз дастанчылык өнөрдүн азыркы абалы жана көйгөйлөрү тууралуу сүйлөштүк.— Алгач эле Ошто өткөн сынак тууралуу айтып берсеңиз?— Бул сынакты Маданият министрлиги уюштуруп, жалпы каржысын "Манас" театры көтөрдү. Мурда дастанчыларга көп кароо-сынак өткөрүлчү эмес. Сынак өнөрпоздорду такшалдырат. Өнөрпоз башкалардан кандай артыкчылыгы жана кемчилиги бар экенин аңдоо үчүн да катышат. Байгелүү орундар да кызыктырып, изденүү жаратат. Бул — өнөрпоздун өсүшүнө түрткү. Анткени калыстар тобундагы адамдар өнөрпозго саяпкердей "сенин мындай кемчилигиң менен артыкчылыгың бар экен" деп багыт берет. Эч кимден сын укпаган адам вакуумдун ичине кирип алып "мен кыйын турбаймбы" деген иллюзия менен жашай берет. Мындан бир ай мурун сынактын биринчи-экинчи айлампасы "Манас" театрында өттү. Анда 22 өнөрпоз катышып, биринчисинде көлөмдүү ашыктык ырлары ырдалып, 16 өнөрпоз кийинкиге чыкты. Экинчи айлампада бир дастан, бир терме-санат же айтыштардан үзүндү аткарылды. Ошону менен он өнөрпоз үчүнчү айлампага жолдомо алганбыз. Бишкектен он өнөрпоз барып, ага кошумча түштүктө өткөн сынактан жеңген экөө катышты. Биринчи орун мага буюрган экен. Калыстар тобунда: Табылды Актанов, Кылычбек Бекешов, Өмүрзак Кайыпов, Жолболду Алыбаев жана музыкант Нурланбек Нышанов отурду. Жалпысынан катышуучулардын музыкалуулугу, аткаруу чеберчилиги жана сахна маданияты каралды. Конкурс абдан калыс өткөнүн айта алам. Ушундай сынактардын көп уюштурулушу жаңы дастанчыларды эл арасынан сууруп чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт. Тандоого катышкандардын көбү ашыктык, арман жанрындагы көлөмдүү ырларды адашып дастан деп алып келип алыптыр. "Көксулуу", "Эненин арманы" өңдүү ырлар дастан эмес. Өнөрпоздордун арасында деле айырмалай албагандар бар.— Дастанчылык өнөрүн аркалагандардын аягы үзүлбөй уланып жатканы жакшы. Муну өркүндөтүп-өстүрүүдө мамлекет кандай иштерди жасап жатат? Абалы кандай?— Бир учурда "төкмөлөрдө төрт эле акын калды" деген сөз ылакап болуп кеткен. Ошондой эле дастанчылардын да аз экенин айтып калышат. Бул адискөй өнөрпоздор азайгандан улам айтылган сөз окшойт деп калдым. Болбосо Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университетинин фольклор кафедрасында дастанчыларды даярдап жатышат. Жылына жок дегенде эки бала окуп бүтөт. Мен да ошол окуу жайды аяктагам. Кудай жалгап, дипломду колго алар менен филармонияга дастанчы катары жумушка кирип калдым. Негизи дастанчы, манасчылар окууну бүткөн соң иши жок жүрүп калышууда. Ар бир маданий мекемеде бирден эле штат каралган. Төкмө акындар дээрлик эч жерде иштебейт. Ошентип жакшы саамалык катары былтыр "Манас" театры ачылды. Анда манасчыларга гана жумуш орду бериле турган болгон. Кийин кеңешип үч өнөрдүн башын бириктирип, манасчылардан тышкары театрга төкмөлөр менен дастанчылар да кирди. Бул аз да болсо бизге болгон камкордук.Дастанчылык негизи өз нукуралуулугун жоготпошу керек, аны улуттук аспаптар менен шөкөттөп эл алдына алып чыгууга болот. Бирок дастан эркин айтылгандыктан аспаптын коштоосунда шөкөттөп айтуу кыйын. Үзүндүлөрүн, бөлүктөрүн эле аябай даярдап туруп жаздырбаса болбойт. Илгери акындарга ырдын ар сабына акча төлөчү экен. Ошондуктан айрымдар ырдын маанисин жоготуп кошуп же узартып жиберип, китеп кылып чыгарып коюшкан учурлары болуптур. Өкмөт да азыр унутулуп бара жаткан дастандарды иштеп чыгып, элге алып чыккандарга гонорар төлөп, радио, телевидениелерге жаздырып берсе. Мисалы, азыр "Эр Эшим" дастанын эч ким билбейт. "Эр Төштүк" дастаны да элге анча тарабай жатат. Ушундай мамлекеттик тапшырык менен дастандарды ийине жеткире, бышыра аткартып, жаздыруу жүрсө бир топ иштер жасалып, сонун болмок. Анда ырчылар да дастанга ат салышмак. Устатыбыз Элмирбек Иманалиевге ушул оюбузду айтсак "ка-ап" деп койду эле.— Эл арасында деле билинбеген дастанчылар кездешет. Анан да искусство университетинде окуп жаткандар бар. Дастанчылыкка билимдин кандай таасири тиет?— Дастанчылык өнөрдү аудио же видеожазмадан адам түздөн-түз үйрөнө албайт. Бул өнөрдүн уникалдуулугу ушунда. Сөзсүз бир өнөрпозду устат тутуш керек. Буга мисал, Калык Акиев Токтогулдун жанында жүрүп, анан дастанчылыкты үйрөнгөн. Ээрчишип жүрүп, кайсы жерден дем аларынан бери үйрөнбөсө бир жери кем болуп кала берет. Адамда касиет деген да болот. Устаттын мыкты касиети менен жуурулушуп, өз алдынча өздөштүрүп кетүү толук мүмкүн.— Дастандарды жайылтып, эл арасына таратууда азыркы технологиялардын жардамы канчалык?— Азыр мүмкүнчүлүктөр абдан жогору. Бирок артка тарткан жагы да бар. Себеби мунун өзү өнөрпоздорго суроо-талапты азайтат. Илгеркинин ырчысы, театры, радиосу, телевизору, жадагалса журналисти да акындар болгон. Элдин баары "баланча ырыңызды ырдап, түкүнчө күүңүздү чертип койсоңуз" деп куйма кулактык менен берилип угушкан. Азыр көчөдөн өнөрпозду көрсө деле эч ким ыр сурабайт, себеби интернеттен көрүп алат. Ал эми өнөрпоз күндө элге ырдап, машыгып турбагандыктан анын чыгармачылык даярдыгы да аз болот. Кайсы бир жерде баланча ырын сурасаң "ии, көптөн бери аткарбай жүрүп унутуп калыптырмын" деген сөздөр ошондон чыгат. Мен да азыр Youtube-канал ачып алгам, ошол аркылуу элдин суроо-талабын аткарып, кызыгуусун байкап турам.— Акыркы мыкты дастандардын бири Өмүрбек Дөлөевдин "Шырдакбектин арманы" болду. Дагы кандай дастандар жазылып жатат?— Көп эле жазылып жатат. Азыр кай жерге барсаң да Элмирбек Иманалиевдин "Жан секет, ай секет" аттуу чыгармасын суранышат. Мындан үч жыл мурун "Бишкек баатыр" баянын Шекербек Адылов агабыз китеп кылып чыгарган. Мындан тышкары, 2022-жылы "Курманбек" эпосун Калык Акиевдин айтуусу боюнча өзүмдүн вариантымда жазып чыктым. Ал аудиожазмада 1 саат 21 мүнөт, кагазга түшүргөндө 1 700 сап ыр болду. Эл болгондон кийин учук улана берет экен. Максат Кулуев агабыздын да мыкты чыгармалары жаралып жатат.— Өмүрзак Кайыпов менен Самат Көчөрбаев дастан, жоктоо ырларынын хрестоматиясын чыгарды. Бул жаш таланттарга кандай жардам берет экен?— Бул эми табылгыс материал. Youtubе-каналга да киргизип койгонбуз. Мисалы, Алымкул Үсөнбаевди жоктоосу кандай аткарыларын издегендер башка жактан таппашы мүмкүн, бирок ушул китептин QR коду аркылуу караса дароо шилтемеси чыгат. Нотасы да кошо камтылган. Бул кадимкидей багыт берип турат.— Азыр кандай чыгармаларга басым жасоодосуз?— Дастан айтуу менен гана чектелип калбай, "Манастан" да үзүндүлөрдү айтам. Азыр "Манас" эпосун жарым сааттык кылып жаздырып койсом деп жүрөм. Азырынча Каныкей энебиздин Тайторуну чапканын аткаруу ниетим бар. Муну менен катар бир дастанды жалпыбыз баштан-аяк аткарып концерттик номер даярдасак деген тилек бар. Мисалы, "Курманбек" эпосун толук аткарсак 1,5-2 сааттын тегереги болот экен. Муну элге тартуулаган же болбосо телевидениеден бере турган концерт кылабыз. Буюрса даярдыкты баштадык. Театралдаштыруу жагын да карап жатабыз. Азыр Бишкектеги мектептер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ачык сабак өткөрүүгө багыт алуудабыз.
https://sputnik.kg/20230409/nazira-mambetova-videomaek-1074286887.html
https://sputnik.kg/20230503/manaschylar-sayakbaj-karalaev-menen-togolok-moldo-taberik-surot-1074957847.html
https://sputnik.kg/20230430/kyrgyzstan-manaschy-zhusup-mamaj-arhiv-surot-turmok-1074894163.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/05/1c/1075735183_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_5ee8967ed8b023a3564f6ab97857b3cb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
кыргызстан, искусство, "манас" театры, маек, маданият, улукбек токтоболот уулу
кыргызстан, искусство, "манас" театры, маек, маданият, улукбек токтоболот уулу
Дастанчылардын жумуш табышы кыйын. Улукбек Токтоболотовдун маеги
20:31 28.05.2023 (Жаңыртылды: 17:46 31.05.2023) Дастанчылык — кыргызга таандык уникалдуу өнөр. Жакында эле Ош шаарында дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык фестивалынын алкагында дастанчылар сынагы да уюштурулду. Ага бир катар байгелер да коюлган.
Sputnik Кыргызстан редакциясына "Манас" театрынын дастанчылар бөлүмүнүн жетекчиси, дастанчы Улукбек Токтоболот уулун чакырдык. Биз дастанчылык өнөрдүн азыркы абалы жана көйгөйлөрү тууралуу сүйлөштүк.
— Алгач эле Ошто өткөн сынак тууралуу айтып берсеңиз?
— Бул сынакты Маданият министрлиги уюштуруп, жалпы каржысын "Манас" театры көтөрдү. Мурда дастанчыларга көп кароо-сынак өткөрүлчү эмес. Сынак өнөрпоздорду такшалдырат. Өнөрпоз башкалардан кандай артыкчылыгы жана кемчилиги бар экенин аңдоо үчүн да катышат. Байгелүү орундар да кызыктырып, изденүү жаратат. Бул — өнөрпоздун өсүшүнө түрткү. Анткени калыстар тобундагы адамдар өнөрпозго саяпкердей "сенин мындай кемчилигиң менен артыкчылыгың бар экен" деп багыт берет. Эч кимден сын укпаган адам вакуумдун ичине кирип алып "мен кыйын турбаймбы" деген иллюзия менен жашай берет. Мындан бир ай мурун сынактын биринчи-экинчи айлампасы "Манас" театрында өттү. Анда 22 өнөрпоз катышып, биринчисинде көлөмдүү ашыктык ырлары ырдалып, 16 өнөрпоз кийинкиге чыкты. Экинчи айлампада бир дастан, бир терме-санат же айтыштардан үзүндү аткарылды. Ошону менен он өнөрпоз үчүнчү айлампага жолдомо алганбыз. Бишкектен он өнөрпоз барып, ага кошумча түштүктө өткөн сынактан жеңген экөө катышты. Биринчи орун мага буюрган экен. Калыстар тобунда: Табылды Актанов, Кылычбек Бекешов, Өмүрзак Кайыпов, Жолболду Алыбаев жана музыкант Нурланбек Нышанов отурду. Жалпысынан катышуучулардын музыкалуулугу, аткаруу чеберчилиги жана сахна маданияты каралды. Конкурс абдан калыс өткөнүн айта алам. Ушундай сынактардын көп уюштурулушу жаңы дастанчыларды эл арасынан сууруп чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт. Тандоого катышкандардын көбү ашыктык, арман жанрындагы көлөмдүү ырларды адашып дастан деп алып келип алыптыр. "Көксулуу", "Эненин арманы" өңдүү ырлар дастан эмес. Өнөрпоздордун арасында деле айырмалай албагандар бар.
— Дастанчылык өнөрүн аркалагандардын аягы үзүлбөй уланып жатканы жакшы. Муну өркүндөтүп-өстүрүүдө мамлекет кандай иштерди жасап жатат? Абалы кандай?
— Бир учурда "төкмөлөрдө төрт эле акын калды" деген сөз ылакап болуп кеткен. Ошондой эле дастанчылардын да аз экенин айтып калышат. Бул адискөй өнөрпоздор азайгандан улам айтылган сөз окшойт деп калдым. Болбосо Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университетинин фольклор кафедрасында дастанчыларды даярдап жатышат. Жылына жок дегенде эки бала окуп бүтөт. Мен да ошол окуу жайды аяктагам. Кудай жалгап, дипломду колго алар менен филармонияга дастанчы катары жумушка кирип калдым. Негизи дастанчы, манасчылар окууну бүткөн соң иши жок жүрүп калышууда. Ар бир маданий мекемеде бирден эле штат каралган. Төкмө акындар дээрлик эч жерде иштебейт. Ошентип жакшы саамалык катары былтыр "Манас" театры ачылды. Анда манасчыларга гана жумуш орду бериле турган болгон. Кийин кеңешип үч өнөрдүн башын бириктирип, манасчылардан тышкары театрга төкмөлөр менен дастанчылар да кирди. Бул аз да болсо бизге болгон камкордук.
Дастанчылык негизи өз нукуралуулугун жоготпошу керек, аны улуттук аспаптар менен шөкөттөп эл алдына алып чыгууга болот. Бирок дастан эркин айтылгандыктан аспаптын коштоосунда шөкөттөп айтуу кыйын. Үзүндүлөрүн, бөлүктөрүн эле аябай даярдап туруп жаздырбаса болбойт. Илгери акындарга ырдын ар сабына акча төлөчү экен. Ошондуктан айрымдар ырдын маанисин жоготуп кошуп же узартып жиберип, китеп кылып чыгарып коюшкан учурлары болуптур. Өкмөт да азыр унутулуп бара жаткан дастандарды иштеп чыгып, элге алып чыккандарга гонорар төлөп, радио, телевидениелерге жаздырып берсе. Мисалы, азыр "Эр Эшим" дастанын эч ким билбейт. "Эр Төштүк" дастаны да элге анча тарабай жатат. Ушундай мамлекеттик тапшырык менен дастандарды ийине жеткире, бышыра аткартып, жаздыруу жүрсө бир топ иштер жасалып, сонун болмок. Анда ырчылар да дастанга ат салышмак. Устатыбыз Элмирбек Иманалиевге ушул оюбузду айтсак "ка-ап" деп койду эле.
— Эл арасында деле билинбеген дастанчылар кездешет. Анан да искусство университетинде окуп жаткандар бар. Дастанчылыкка билимдин кандай таасири тиет?
— Дастанчылык өнөрдү аудио же видеожазмадан адам түздөн-түз үйрөнө албайт. Бул өнөрдүн уникалдуулугу ушунда. Сөзсүз бир өнөрпозду устат тутуш керек. Буга мисал, Калык Акиев Токтогулдун жанында жүрүп, анан дастанчылыкты үйрөнгөн. Ээрчишип жүрүп, кайсы жерден дем аларынан бери үйрөнбөсө бир жери кем болуп кала берет. Адамда касиет деген да болот. Устаттын мыкты касиети менен жуурулушуп, өз алдынча өздөштүрүп кетүү толук мүмкүн.
— Дастандарды жайылтып, эл арасына таратууда азыркы технологиялардын жардамы канчалык?
— Азыр мүмкүнчүлүктөр абдан жогору. Бирок артка тарткан жагы да бар. Себеби мунун өзү өнөрпоздорго суроо-талапты азайтат. Илгеркинин ырчысы, театры, радиосу, телевизору, жадагалса журналисти да акындар болгон. Элдин баары "баланча ырыңызды ырдап, түкүнчө күүңүздү чертип койсоңуз" деп куйма кулактык менен берилип угушкан. Азыр көчөдөн өнөрпозду көрсө деле эч ким ыр сурабайт, себеби интернеттен көрүп алат. Ал эми өнөрпоз күндө элге ырдап, машыгып турбагандыктан анын чыгармачылык даярдыгы да аз болот. Кайсы бир жерде баланча ырын сурасаң "ии, көптөн бери аткарбай жүрүп унутуп калыптырмын" деген сөздөр ошондон чыгат. Мен да азыр Youtube-канал ачып алгам, ошол аркылуу элдин суроо-талабын аткарып, кызыгуусун байкап турам.
— Акыркы мыкты дастандардын бири Өмүрбек Дөлөевдин "Шырдакбектин арманы" болду. Дагы кандай дастандар жазылып жатат?
— Көп эле жазылып жатат. Азыр кай жерге барсаң да Элмирбек Иманалиевдин "Жан секет, ай секет" аттуу чыгармасын суранышат. Мындан үч жыл мурун "Бишкек баатыр" баянын Шекербек Адылов агабыз китеп кылып чыгарган. Мындан тышкары, 2022-жылы "Курманбек" эпосун Калык Акиевдин айтуусу боюнча өзүмдүн вариантымда жазып чыктым. Ал аудиожазмада 1 саат 21 мүнөт, кагазга түшүргөндө 1 700 сап ыр болду. Эл болгондон кийин учук улана берет экен. Максат Кулуев агабыздын да мыкты чыгармалары жаралып жатат.
— Өмүрзак Кайыпов менен Самат Көчөрбаев дастан, жоктоо ырларынын хрестоматиясын чыгарды. Бул жаш таланттарга кандай жардам берет экен?
— Бул эми табылгыс материал. Youtubе-каналга да киргизип койгонбуз. Мисалы, Алымкул Үсөнбаевди жоктоосу кандай аткарыларын издегендер башка жактан таппашы мүмкүн, бирок ушул китептин QR коду аркылуу караса дароо шилтемеси чыгат. Нотасы да кошо камтылган. Бул кадимкидей багыт берип турат.
— Азыр кандай чыгармаларга басым жасоодосуз?
— Дастан айтуу менен гана чектелип калбай, "Манастан" да үзүндүлөрдү айтам. Азыр "Манас" эпосун жарым сааттык кылып жаздырып койсом деп жүрөм. Азырынча Каныкей энебиздин Тайторуну чапканын аткаруу ниетим бар. Муну менен катар бир дастанды жалпыбыз баштан-аяк аткарып концерттик номер даярдасак деген тилек бар. Мисалы, "Курманбек" эпосун толук аткарсак 1,5-2 сааттын тегереги болот экен. Муну элге тартуулаган же болбосо телевидениеден бере турган концерт кылабыз. Буюрса даярдыкты баштадык. Театралдаштыруу жагын да карап жатабыз. Азыр Бишкектеги мектептер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ачык сабак өткөрүүгө багыт алуудабыз.