Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЖМК: Пентагон Киевге 2 млрд. долларлык курал-жарак пакетин даярдады

© Фото / U.S. Air Force / Staff Sgt. Shawn WhiteАКШдан Украинага жөнөтүлүп жаткан курал-жарак. Архив
АКШдан Украинага жөнөтүлүп жаткан курал-жарак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Жазылуу
Москва Батыш мамлекеттерине Украинага жеткирилген курал-жарак эч нерсе өзгөртпөй турганын, жаңжалды гана узартарын эскертип келет.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Пентагон жума күнү Украина үчүн эки миллиард доллардан ашуун суммага курал-жарак пакетин даярдаганын жар салат. Бул тууралуу Bloomberg АКШ администрациясындагы маалымат булактарына таянып жазды.
Кабарда Украинанын коопсуздугуна көмөктөшүү демилгесинин алкагында бөлүнгөн акча Hawk ракеталарын жана Patriot зениттик-ракеталык комплекс үчүн ракеталарды сатып алууга жумшалары айтылган.
Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча мында кеп Lockheed Martin өндүрүшүнөн чыккан Patriot Advanced Capability-3 (PAC-3) зениттик жана Raytheon Technologies чыгарган GEM-T ракеталары тууралуу болуп жатат.
Москва Батыш мамлекеттерине Украинага жеткирилген курал-жарак эч нерсе өзгөртпөй турганын, жаңжалды гана узартарын эскертип келет. РФ ТИМинин лидери Сергей Лавров АКШ менен НАТО курал жөнөтүп жана кадрларды даярдап берип тирешүүгө түз катышып жатканын билдирген.
Ланцет-3 камикадзе-дрону. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Ланцет-3" Украинадагы чет элдик зениттик-ракеталык комплексти талкалады
Жаңылыктар түрмөгү
0