Бишкектин кээ бир жеринде 2-июнь күнү жарык өчөт. График

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЧыңалуу белгиси. Архив
Чыңалуу белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2023
Жазылуу
Атайын бригада бул күнү трансформаторлорду оңдоп, бактарды буташат.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Борбор калаанын кээ бир аймактарында 2-июнь күнү жарык өчөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасы билдирди.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
9:00-12:00 — Баялинов, Журнальная, Турусбеков, Үч-Коргон көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Манас проспектисинде, Жети-Өгүз жана Офицер туюк көчөлөрүндө;
9:00-17:00 — Чоң-Арык-9 (Северная көчөсү) айылында, Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Лесхоз (Лесхозная көчөсү) айылында;
9:15-17:00 — Турусбеков көчөсүндөгү № 49 жана Киевский көчөсүндөгү № 168 үйдө;
9:30-15:00 — Өзгөн, Тургенев, Осмонкул көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
9:30-17:00 — 8-кичи райондогу № 7 үйдө, Чоң-Арык (Северная, Школьная, Мусулманкулов, Горная, Семетей, Кожобергенов көчөлөрү) конушунда, Ужгород жана Измайловский туюк көчөлөрүндө;
9:30-18:00 — Чүй проспектисинде, Ибраимов жана Киевский көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
13:30-17:00 — Багратион, Баялинов, Варшавский, Коммунаров, Краснодонцев, Кутузов, Минск, Республиканский, Ростовский көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө.
Душ краны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2023
Кыргызстанда ысык суу менен жылуулуктун баасы кымбаттады
Жаңылыктар түрмөгү
0