Көөнө сөз - Sputnik Кыргызстан, 1920
Көөнө Сөз
“Көөнө сөз” рубрикасында “Манас” эпосунда кездешкен, күнүмдүк жашоодо колдонулбай калган сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилет.

Талантбеков: баалуу буюмдар сакталган чакан сандык "жагдан" делген

Талантбеков: баалуу буюмдар сакталган чакан сандык "жагдан" делген
Жазылуу
Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
"Манас эпосунда "жагдан" деген сөз кездешет. Ал — темир менен кооздолуп жасалган чакан сандык. Эпосто ага зер буюмдарды, тай туяк, дилде сыяктуу асыл, баалуу таштарды сактаган чакан темир сейф катары сүрөттөлөт. Анын кадимки кийим-кече салган сандыктан айырмасы, калың темирден жасалып, оңой менен ачылбаган өзгөчө сандык. Учурда сейф дегендин котормосу катары дал ушул "жагдан" сөзүн колдонсо болот", — деди Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөрдү журтка жайылтуу зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0