Кара-Суудагы базарга жакын жерден чыккан ири өрт өчүрүлдү. Видео

© Фото / пресс-служба МЧС КРОш облусунун Кара-Суу шаарындагы "Оомат" базарына жакын жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты.
Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы Оомат базарына жакын жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2023
Жазылуу
Тилсиз жоо 1 044 куб метр жерди жалмап кеткен. Бактыга жараша, жабыркагандар жок.
БИШКЕК, 28-май – Sputnik. Бүгүн Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы "Оомат" базарына жакын жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 14:04тө бир машина, 14:14тө дагы бир машина, жалпы эки өрт өчүрүүчү унаа барып иштеген.
Мындан сырткары, 3 күжүрмөн эсеп жана ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Н. Шаматов баштаган ыкчам топ тартылган.
Өрт саат 15:05те чектөөгө алынып, 20:43тө толугу менен өчүрүлдү.
Тилсиз жоо 1 044 куб метр жерди жалмап кеткен. Бактыга жараша, жабыркагандар жок.
Учурда материалдык чыгымдар эсеби жана кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Жол кырсык. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2023
Токмоктогу үрөй учурган жол кырсыктын жаңы видеосу жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0