Ниязалиева Дамира Абаскановна. Өмүр баяны

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевНиязалиева Дамира Абаскановна
Ниязалиева Дамира Абаскановна - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2023
Жазылуу
Дамира Ниязалиева 1960-жылы 22-январда Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Арал айылында төрөлгөн.
Билими:
Алма-Ата мамлекеттик медициналык институтун провизор адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
1982 — Токмоктогу медучилищеде мугалим;
1983-1984 — Кыргыз медициналык институтунда мугалим;
1984-1986 — Профсоюз комитетинин төрайымы;
1988-1992 — Токмоктогу медучилищеде мугалим;
1996-2007 — жеке ишкер, "Аманат" фирмасынын директору;
2007- 2010 — Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты. Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин жана Этика, регламент боюнча комитеттин мүчөсү;
2010-жылдын апрелинен июлуна чейин — КРдин Убактылуу өкмөтүнүн саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу;
2010-2014 — Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. ЖКнын социалдык саясат комитетинин төрайымы;
2014-жылдын декабры — КРдин вице-премьери;
2023-жылдын май айы — Бишкектин Ленин райондук округу боюнча Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланды.
Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Саламаттык сактоонун эмгек сиңирген ишмери, Евразия экономикалык окумуштуулар клубунун ардактуу профессору, саламаттык сактоо тармагынын отличниги.
Жаңылыктар түрмөгү
0