Кыргызстандын калканы. Чек арачылар 105 жылдык мааракесин белгилеп жатат
Кыргызстандын калканы. Чек арачылар 105 жылдык мааракесин белгилеп жатат
Sputnik Кыргызстан
Чек арачылар — өлкө коопсуздугунун калканы. Кол салган душмандын мизин да дал ушул чек арачылар кайтарат. Бүгүн чек ара кызматкерлери 105 жылдык мааракесин... 28.05.2023, Sputnik Кыргызстан
1882-жылы Кашкарда (Батыш Кытай) Россия менен Кытайдын өкүлдөрү чек ара тууралуу протоколго кол коюп, эки империянын ортосунда чек ара белгиси пайда болот. Натыйжада Нарын шаарында чек ара отряды уюштурулуп, Кыргызстандын башка аймактарында заставалар пайда болот. 1918-жылы 28-майда Советтик Россияда чек ара аскери түзүлөт. Кыргызстанда бул түзүмдүн жоокерлери совет-кытай чек арасын кайтарууга киришет. Бара-бара Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз ССРи чектешкен чөлкөмдөрдө чек ара отряддары уюшулган.Колумнист Алмаз Батилов бул атайын кызмат тууралуу КР Борбордук мамлекеттик архивдин кинофонофотодокументтеринин негизинде сүрөт баяндама жасады.Тема боюнча:— Кемелер, жүк артылган төөлөр, кайыктагы эл. Ысык-Көлдөгү сейрек сүрөттөр— Көчөт тигип, жер айдап, көчкөнгө камынган кыргыздар. Жаздагы жылуу сүрөттөр
Чек арачылар — өлкө коопсуздугунун калканы. Кол салган душмандын мизин да дал ушул чек арачылар кайтарат. Бүгүн чек ара кызматкерлери 105 жылдык мааракесин белгилеп жаткан учуру.
1882-жылы Кашкарда (Батыш Кытай) Россия менен Кытайдын өкүлдөрү чек ара тууралуу протоколго кол коюп, эки империянын ортосунда чек ара белгиси пайда болот. Натыйжада Нарын шаарында чек ара отряды уюштурулуп, Кыргызстандын башка аймактарында заставалар пайда болот. 1918-жылы 28-майда Советтик Россияда чек ара аскери түзүлөт. Кыргызстанда бул түзүмдүн жоокерлери совет-кытай чек арасын кайтарууга киришет. Бара-бара Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз ССРи чектешкен чөлкөмдөрдө чек ара отряддары уюшулган.
Колумнист Алмаз Батилов бул атайын кызмат тууралуу КР Борбордук мамлекеттик архивдин кинофонофотодокументтеринин негизинде сүрөт баяндама жасады.
Жалал-Абад чек ара комендатурасынын басмачылар менен күрөшүү боюнча ыкчам тобу. Комендатуранын жетекчисинин саясий иштер боюнча орун басары Валиева, 1920-жылдар.
Жалал-Абад чек ара комендатурасынын басмачылар менен күрөшүү боюнча ыкчам тобу. Комендатуранын жетекчисинин саясий иштер боюнча орун басары Валиева, 1920-жылдар.
Осмон Лайлиев — кыргыздын ичинен чыккан алгачкы чек арачылардын бири. 1930-жылдардын башында Харьков шаарындагы чек ара мектебин бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согушка да катышкан. Фрунзе, 1963-жыл.
Осмон Лайлиев — кыргыздын ичинен чыккан алгачкы чек арачылардын бири. 1930-жылдардын башында Харьков шаарындагы чек ара мектебин бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согушка да катышкан. Фрунзе, 1963-жыл.
Беларусь ССРинин Брест чөлкөмүндөгү Негорелое темир жол станциясынын жанындагы чек ара заставасынын коменданты кыргызстандык офицер Жаманкул Женчураев чек арачылар менен, 1941-жыл.
Беларусь ССРинин Брест чөлкөмүндөгү Негорелое темир жол станциясынын жанындагы чек ара заставасынын коменданты кыргызстандык офицер Жаманкул Женчураев чек арачылар менен, 1941-жыл.
Советтик чек арачы офицер Владимир Гришановдун ыктыярчы жоокерлер Бейшеналы Үңүров, Сыргак Каратаев жана Эркин Кашкаров менен маектешип жаткан учуру. Нарын облусу, 1968-жыл.
Советтик чек арачы офицер Владимир Гришановдун ыктыярчы жоокерлер Бейшеналы Үңүров, Сыргак Каратаев жана Эркин Кашкаров менен маектешип жаткан учуру. Нарын облусу, 1968-жыл.
Пржевальск чек ара отрядынын мурдагы аскери, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери А. В. Дорошин жаш чек арачыларга тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. Каракол шаары, 1988-жыл
Пржевальск чек ара отрядынын мурдагы аскери, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери А. В. Дорошин жаш чек арачыларга тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. Каракол шаары, 1988-жыл