Батыш көздөгөнүнө жетти: Россиянын коңшулары 9-майга Москвага келишти

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүВладимир Путин, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев. Архив
Владимир Путин, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2023
Жазылуу
Москвага Жеңиш күнүн белгилөөгө бир катар, анын ичинде жакынкы чет өлкөгө кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин келиши дүйнө түзүмүндөгү глобалдык өзгөрүүлөрдү, постсоветтик блоктогу өлкөлөрдүн мамилесинин келечегин чагылдырган маанилүү сигналдарды камтыйт.
Ушундай пикирлер камтылган серепчи Кирилл Стрельниковдун учкай макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган. Батыш РФтин чын дилден жасаган аракеттерин четке кагып, кансыз согушту жаңы күч менен улантып, 2022-жылы аны кандуу согушка айландырып тынды.
Ошондон кийин Россия үчүн акыйкаттыктын учуру келген. Бул 2023-жылдын 31-мартында кабыл алынган жаңы Тышкы саясаттын концепциясы катары жүзөгө ашырылды. Ага ылайык, Россия түштүк менен чыгышка, жакынкы чет өлкөлөрүнүн башын кошууда орчундуу орду бар жактарга расмий түрдө кайрылган.
Россия жетекчилеринин мартабалуу меймандар менен май айындагы жолугушууларынын жыйынтыгы кийинчерээк белгилүү болот. Анткен менен азыртан эле россиялык дипломатия жана тышкы саясаты араң жан экени туурасындагы мифтерге карабастан РФтин "жакынкы чыгыш" фронтундагы таасири дале күчүндө. Буга фактылар да, көрсөткүчтөр да күбө. Маселен, Беларусь менен болгон мамиледе Россия Союздаш мамлекет түзүү долбоорун аяктап барат. Эске салсак, анын негизги максаты — бирдиктүү экономикалык мейкиндик жаратуу.
2022-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү тарыхый рекордго, тагыраагы, 50 миллиард долларга жеткен. Бул көрсөткүчтү алдыдагы үч-беш жыл ичинде союздаштар эки эсеге чыгарууну көздөп жатышат. Экономиканын бардык, каржы, транспорт, энергетика, өнөр жай, айыл чарбасы, мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдүн өзүнчө багыттарын камтыган 28 союздук программа кызуу ишке ашууда. Төлөм тутумдары толугу менен айкалыштырылып, мурдагыдай Батыштан көз карандылык жок.
Казакстан менен да кызматташууда рекорд коюлган. Эки мамлекеттин ортосундагы товар айлантуу алгач жолу 26,1 миллиард долларга чыкты. Муну да жакынкы жылдары 30 миллиардга жеткирүү каралган. Россия Казакстандын башкы соода-экономикалык өнөктөшү, ал эми аталган өлкөнүн лидерлеринин билдирүүсүнө караганда, Москва менен стратегиялык кызматташтык — тышкы саясаттын артыкчылыгы. Атом, газ, транзиттик-транспорттук жана логистикалык чөйрөлөрдөгү россиялык-казакстандык долбоорлор масштабдуу ишке ашырылууда.
Саясат таануучу Марс Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2023
Сариев: Борбор Азия басымга карабастан Батыштын айтканы менен боло бербейт
Борбор Азиянын локомотивдеринин бири Өзбекстан менен да Россиянын кызматташтыгы күч. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Россия Өзбекстандын эң ири соода өнөктөшү болгон. Ортосундагы товар айлантуу улам өр алып, 2021-жылы 6,9 миллиард доллар болсо, былтыр 9,28 миллиард долларга жетти. Республика аймагында дээрлик 20 миллиард долларга бааланган эки жүз чакты биргелешкен долбоор ишке ашырылууда.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Түштүк Кавказдан жападан жалгыз мүчө болгон Армения да РФ менен ынак алакада. Өткөн жылы Россия Армения үчүн негизги сатуу рыногуна айланып, товар жүгүртүү эки эсеге өсүп, беш миллиард долларга чыкты. Ошол эле учурда өлкөлөр толугу менен рубль менен эсептешүүгө өтүштү.
Кыргызстан менен да эки тараптуу товар айлантуу тарыхый максимумга жетип, 3,5 миллиард долларды түздү. Владимир Путиндин айтымында, "өткөн жылы товар жүгүртүүнүн көлөмү 37 пайызга көбөйгөн. Россия ири инвестор болуп саналат. Түз салынган капиталдын көлөмү боюнча РФ биринчи сапта. Бул тенденция дагы күч алат".
Тажикстан менен товар айлантуу 18 пайызга өсүп, соңку 20 жылдан берки рекорд коюлуп, бир жарым миллиард долларды чапчыды.
Негизги инвесторлордун бири катары Россия Афганстанга жакын республикалардын куралдуу күчтөрүн заманга ылайыкташтырып, коопсуздук тармагында макулдашылган саясат жүргүзүп келет. Россиянын чет өлкөлөрдөгү эң ири аскердик объектиси — 201-база дал ушул Тажикстанда.
Россиялык-түркмөн алакалары да жанданууда, товар айлантуу миллиард долларга чукулдады. Ар кыл тармактагы 20 чакты багытта кызматташуу жагы каралган. Арасынан эң негизги орунда "Түндүк – Түштүк" транспорттук коридорун өнүктүрүү планы турат.
Тышкы саясатынын жаңы концепциясында Россия өзүн "өзгөчө мамлекет-цивилизация" деп расмий биринчи ирет атады. Көптөгөн үлкөн өнүгүүлөр тарыхтын бүктөмдөрүндө калган болсо, россиялык цивилизацияны айтылуу тарыхына татыктуу улуу келечек күтүп турарына ынанабыз. Адилеттүү жаңы дүйнөнү курууда бири-бирине жөлөк-таяк боло турган Россияга мамилеси түз улут, элдер да ошондой болочоктун бир бөлүгү болмокчу.
Кытай лидери Си Цзиньпин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2023
Си Цзиньпин Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларын 16-майда Кытайга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0