00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Утро хорошего дня
Кыргызское кино: покоряя международные фестивали и сердца зрителей
06:04
46 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:58
1 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
On air
23:59
1 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
«Три сестры» в Русском театре драмы: о режиссерском выборе материала для нового сезона
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Чет өлкөдө ишке орношууда жарандардын акчасын алдаган агенттиктер көбөйдү
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Билим берүү мекемелеринде буллинг жана кибербуллингге каршы күрөш жүргүзүлөт — ата-эненин жоопкерчилиги жогорулайбы?
13:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Какое будущее для человечества готовит «золотой миллиард» — беседа с экспертами
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Айыл чарба азыктарынын экспорттун көбөйтүү үчүн кандай иштер аткарылууда?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Дүйнөлүк экономикалык кризистердин тарыхы
17:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Сертификация навыков без учебы в колледже: как это работает?
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз саясатында кыз-келиндердин орду. Гендердик маселе кандай чечилүүдө?
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
«Великий Гэтсби»: иллюзорность американской мечты
20:07
35 мин
Ачык кеп
Айыл чарба азыктарынын экспорттун көбөйтүү үчүн кандай иштер аткарылууда?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Баткенди өнүктүрүүгө бөлүнгөн 500 млн. сом өздөштүрүлбөй артка кайтарылды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевБаткен облусу. Архив
Баткен облусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2023
Жазылуу
Бюджеттен каралган жарым миллиард сомдун 41,8 миллион сому гана колдонулган.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Былтыр Баткенди өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен каралган 500 миллион сом өздөштүрүлгөн жок. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Улукбек Календеров парламентте билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылдын 1-августунда чечим чыгып, Баткен менен Лейлек райондоруна 125 миллион сомдон бөлүнгөн.
"Райондук администрация, айыл өкмөттөр "сатып алуу процедуралары боюнча мүчүлүштүктөр болуп жатат" дегенинен консультацияларды берип жатканбыз. Бирок эмнегедир министрлер кабинети токтому менен багыттарын көрсөтүп берип турса дагы белгисиз себептерден улам каражат өздөштүрүлбөй, кайтып келген. Баткенден толугу менен кайтарылды, Лейлек районунан 41,8 миллион сому гана колдонулган. Тилекке каршы, жакшы көрүнүш болгон жок. Быйыл жыл башында эле бөлүндү, мындай иштер кайталанбашы керек. Сатып алуулар мыйзамына шылтоо кыла турган болсо, азыр аны да жөнөкөйлөштүрүп жатабыз", — деди Календеров.
Депутат Улугбек Ормонов көптөгөн ишкерлер аймакты өнүктүрүүгө багытталган иштерди жасоо үчүн жергиликтүү бийлик жетекчилеринен каражат ала албай кыйналып жатканын айтты.
"Мамлекет бөлгөн акчаны өзүнүкүндөй көрүп бербей койгон жетекчилердин жоопкерчилигин караш керек. Министрлер кабинетинин төрагасы муну изилдеп, так айтсын. Даяр акча турса, жетекчилер жоопкерчиликти моюнга алуудан коркуп бербей жүрөт. Ишкерлер райондук администрациянын тегерегинде чуркап жүрүшөт. Быйыл да акча бөлүнгөн, дагы ушундай кайталанышы мүмкүн", — деди Ормонов.
Ал эми эл өкүлү Ырысбек Атажанов былтыр Кадамжай районунун Кызыл-Кыя шаарына каралган каражатты бербей коюшканын билдирди. Жергиликтүү бийлик бүт долбоорлорун даярдап алып күтүп жатканын белгилеп, "быйыл акча бөлүнөбү?" деп сурады.
"Бүгүнкү күндө 300 миллион сом бөлүндү. Каражат президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн эсебинде турат. Алар каражатты эффективдүү иштетүүнү колго алышы керек. Эгер баарын өздөштүрүп бүтүрүшсө дагы 200 миллион сомун беребиз", — деди финансы министринин орун басары.
Өз кезегинде депутат Марат Мураталиев каражатты өз убагында өздөштүрбөө дагы кылмыш экенин айтып, мындай жетекчилерди жазалоого үндөдү. Бирок ошол эле учурда Финансы министрлигин жыл соңунда каражатты бөлүп, кайра жаңы жылда кайтарып алып алмайын токтотууга чакырды.
Анда Календеров Бюджеттик кодекстин талабы боюнча өздөштүрүлбөгөн каражат жыл соңунда кайтарыларын айтты.
Баткенде үй куруп жаткан куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2023
Баткендеги куруучуларга акысы бериле баштады. Бийлик даттангандарга жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0