Кыргыз ССРи Улуу Ата Мекендик согушта негизги тыл болгон. Тарыхчылардын маеги

© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРКыргыз ССРинде дайындалган танк. Архив
Кыргыз ССРинде дайындалган танк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2023
Жазылуу
Тарыхты карап көрсөк, СССР — дүйнө жүзүндө социалисттик саясатты ийгиликтүү жүргүзгөн алгачкы мамлекет. Улуу Ата Мекендик согуштун болорун божомолдоп, идеологияны алып барган. Ал эми Кыргызстандын ушул улуу салгылаштагы кызматы, орду кандай болгон?
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов жана Исхак Раззаков атындагы КМТУнун ага окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты Саламат Малабаев болду. Биз согуш жылдары кыска убакытта Кыргыз ССРине завод-фабрикалар кантип көчүрүлгөндүгү жана эмгекчилердин эрдиги тууралуу баарлаштык.
— Темиркул Ишекеевич, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Кыргызстандын орду кандай болгон?
Темиркул Асанов: — Бул согушта кыргыз эмгекчилеринин да орду зор. Кармаш болор алдында, 1936-жылы Кыргызстан өз алдынча союздук өлкөгө айланып, өзүнүн экономикалык чарбасы болгон, ал эми согушта бүткүл союздук коргонуу объектисинин бир бутагы болуп саналган. Кыргызстан Коммунистик партиясынын борбордук комитети атайын бөлүмдөрдү түзүп, майданда кандай иштерди жүргүзүү керектигин, бардык жөндөөчү, уюштуруу иштерин партия өзүнүн колуна алган. Ар бир үчүнчү үй-бүлөнүн мүчөлөрү фронтко аттанышкан. Согуш башталганда эле Кыргызстандын аймагында алгачкы аскердик бөлүктөр түзүлө баштаган. Буга Панфилов жетектеген 316-аткычтар дивизиясы мисал. Фашисттик Германия кол салгандан кийин СССРдин европалык бөлүгү болгон Украина, Беларустагы өнөр жай тармагын бул жакка көчүрүү зарыл эле. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргыз ССРине эвакуацияланган завод-фабрикалар кыска убакытта өндүрүштү жолго коё алган. Бул мезгил аралыгында Кыргыз ССРи согуш жүрүп жаткан жерлерден ыраакта болгондуктан СССРдин ишенимдүү жана маанилүү ооругуна (тылга) айланган. Ошондуктан 1941-1945-жылдары азыркы Кыргызстанга СССРдин ар кайсы жеринен 36 завод-фабрика көчүрүлүп, иштей баштаган.
© Sputnik / Асел АкматЖусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов
Заведующий кафедрой истории Кыргызстана в КНУ, доцент, кандидат исторических наук Темиркул Асанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2023
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов
Алардын арасында Ворошиловград шаарынан курал-жарак чыгаруучу завод, Москвадан Фрунзе атындагы миномет заводу, Украинанын Бердянск шаарынан айыл чарба машиналарын чыгаруучу завод, Ысык-Көлгө №175 суу астындагы канаттуу ракеталарды чыгарган торпеда заводу сыяктуу бир топ стратегиялык мааниге ээ мекемелер болгон. Мындан сырткары, Чоң Чүй каналы ушул жылдары курулган. Анткени айыл чарба тармагына мааниси зор эле. Электр энергиясын өндүрүү кескин өсүп, ГЭСтер пайда болгон. Ош шаарында жибек өндүрүүчү комбинат ачылып, ал фронтто колдонулуучу парашюттарга иштетилген жибек өндүргөн. Ал тургай токтоп калган Кант — Балыкчы темир жолунун курулушу улантылган. Айдаркен сымап комбинаты да ачылып, ар бир атылган окко, жардыргыч затта бизде өндүрүлгөн сымаптын компоненти пайдаланылган. Бул өтө маанилүү стратегиялык маанидеги комбинат эле. Ак түстөгү коргошун да чыгарылып, металлургия тармагынын темпи төрт эсе, анын ичинде машина куруу 11 эседен ашык жогорулаган. Бут кийим чыгарылган, мындан сырткары, азык-түлүк жана башка фронтко керектелүүчү буюмдарды өндүргөн бир топ жеңил өнөр жай ишканалары пайда болгон. Консерва чыгаруучу заводдору да иштеген. Отун-энергетикасын өндүрүү да ошол жылдары жакшы жолго коюла баштаган. Эркектердин баары согушка кеткендиктен өнөр жай тармагында негизинен жаш балдар жана аялдар иштеген. Өспүрүмдөрдөрдү станокто иштегенге үйрөтүшкөн. Өнөр жайларда 10 сааттык иш режими киргизилип, жумушчулардын ыктыяры менен дем алыш күндөр да жумуш күнүнө айланган. Патриоттуулук жогору болуп, берилген планды ашыра аткарышкан.
— Иш токтоп калбаш үчүн эвакуацияланган ишканалардын үстүнө имараттар курулган экен. Ушул чынбы?
Саламат Малабаев: — Негизи Германиянын кол саларын Сталин баш болгон жетекчилер билип, генералдарга эскертүү беришкен. Бирок алар көп маани бербей согуштун биринчи жылында чоң жоготууга туш болгон экенбиз. Алгачкы ийгиликтүү социалисттик мамлекет болгондуктан СССР капиталисттик өлкөлөр аны жоготууга бел байлаарын билген. Советтик жетекчилер согуш чыгарын божомолдоп, 1920-1930-жылдары эле согуш чыгып кетсе өндүрүштү Кыргыз ССРине көчүрүү пландары каралып, ишканалардын макеттери түзүлгөн.
© Sputnik / Асылбек БактыбековИсхак Раззаков атындагы КМТУнун ага окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты Саламат Малабаев
Кандидат исторических наук Саламат Малабаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2023
Исхак Раззаков атындагы КМТУнун ага окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты Саламат Малабаев
Өндүрүштү бул жакка эвакуациялоо иштерине аз да болсо даярдык мурдатан бар эле. Согушка чейин эле өлкөгө ар тармактагы адистер келип өндүрүштү көчүрүү зарылчылыгы жаралган учурга иш планды бекитип, макеттерди түзүп кетишкен. Ок-дары жасаганга керектелчү кен тармагы изилденип, өлкөнүн оорук болуу мүмкүнчүлүгү ар тараптуу каралган. Советтик Кыргызстанды оорукка айландырууда уюштуруу иштерин мыкты аткарган, ошол кездеги Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы Төрөбай Кулатовдун эмгеги эбегейсиз. Ошондуктан 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталып, алгачкы советтик аскерлер арасында чоң жоготуулар болуп мамлекет коркунучка кептелгенде завод-фабрикаларды Кыргыз ССРине көчүрүү иштери колго алынган. Кыска убакытта 50гө чукул түрдүү багыттагы ишканалар пайда болгон. 1943-жылы Илимдер академиясынын филиалы Фрунзе шаарында ачылып, Кыз-келиндер педагогикалык институту түптөлгөн. Билим берүү, илимден сырткары маданият да гүлдөп-өнүккөн. Анткени ооруктагы адамдарды агартуу, жан дүйнөсүн азыктандыруу, шык, дем берүү зарылдыгын ошол кездеги бийлик жакшы түшүнгөн.
Ленинград блокадасында калган 150гө чукул наристени 16 жаштагы Токтогон Алтыбасарова өз балдарындай багып алгандыгын да айта кетпесек болбойт. Ал апабыз 2015-жылы кайтыш болду. Ленинграддан келген арык, өз алдынча тамак жей албай калган балдарды багып, аларды көрүп жүрөгү ооруп, эшикке чыгып ыйлап-ыйлап алып кирчү экен. Ушинтип баарын эрезеге жеткирген. Бул зор эмгек да. Ошондой эле Советтик Кыргызстан фронтту ок-дары менен камсыздоодо да маанилүү орунда болгон. Тарыхчылардын арасында фронтто атылган ар бир үчүнчү ок Кемин районундагы Ак-Туз айылынан казылып, Советтик Кыргызстандан жасалып чыккан деген сөз бар. Бул бекеринен айтылган эмес. Ак-Туздун рудасы Советтик армияны ок-дары менен камсыздап турган.
1916-жылы Орто Азияда чоң көтөрүлүш болуп, эл "тылдык жумушка барбайбыз" деп чыкканы маалым. Анан ошол эл 1941-жылы окоп казмак турсун, Чолпонбай Түлөбердиевдей дзотко төшүн тосуп, Ысмайыл Таранчиевдей учагы менен кошо жарылып же Дүйшөнкул Шопоковдой танк алдында калууга кайыл болушту. Мунун баары советтик идеологиянын күчтүүлүгүнөн болду.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Султаналы Серкебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2023
Эки согуштан аман келген. Эрдик медалдарынын ээси Султаналы Серкебаевди эскерүү
— Советтик Кыргызстандын ооругун ооруктай, чарбасын чарбадай алдыга жылдырган ошол кездеги жетекчилерди санай кетсеңиз?
Т.А.: — Советтик жетекчилердин эмгеги чоң. Анын санап отурсак кагаз бети толот. Административдик башкаруу бийлиги көп иштерди аткарган. Согуш жылдарында Советтик Кыргызстанга Россиянын батыш тарабынан 150 миңдей киши баш калкалоого келген. Алардын жарымы жаш балдар, кароосуз калган кары-картаңдар болсо, жарымы жумушчулар эле. 1943-1944-жылдары Түндүк Кавказдан ар кандай айып тартып, кармалып турган чечендер, балкарлар, кумыктар, түрктөр көчүрүлгөн. Кыргызстандыктар оорукта күжүрмөн эмгек жасап, башкаларга үлгү боло алышкан. Согуш жылдарында фронтко жумшаганга 33 килограммдан ашуун алтын-күмүш тапшырышкан. Мында карапайым калктын мураска калган зер буюмдары да болгон. Тылдагы кыргызстандыктар фронтко 11 миллион 862 центнер эгин, 2 779 центнер эт жөнөткөн. 121 миң тонна жүн жана 96 миң даана кой териси иштетилген. Завод-фабрикаларда иштеп, мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенген кыз-келин, кары-картаң, жаш балдар иш убактысынан сырткары фронттогу аскерлерге жылуу кийимдерди да даярдашкан. Мунун баары 195 вагон менен фронтко жиберилген. Анын ичинен 103 вагон 900 күнгө чукул блокадада калган Ленинград шаарына багытталган. Мамлекет тарабынан ачылган СССР банкынын эсебине да жапа тырмак каражат которушкан, баалуу кагаздарды сатып алып, "аскердик займ" программасына катышып өлкөгө көмөк көрсөтүшкөн. Советтик Кыргызстандын эмгекчилеринин фронтко жөнөткөн каражатынын эсебинен 1942-жылы танк колоннасы түзүлүп, бооруна "Советская Киргизия" деген жазуу менен алгачкы ирет Сталинград шаарындагы салгылашууга катышкан. Мындан сырткары, Кыргыз ССРине баш калкалап келген 300 миңдей адамды батырып, үй менен камсыз кылуу, жер бөлүп берүү жана бир айлык тамак-ашын даярдап берүү милдетин толугу менен аткарышкан. Ал кезде адамдарда улутка бөлүнүү, керт башын ойлоо деген болгон эмес. Элдин ынтымагы, биримдиги СССРди жеңишке жеткирген десек болот. Башка республикалардан келген адамдар көбүнесе азыркы Чүй, Талас облустарына жайгаштырылган. Азыр тарых Экинчи дүйнөлүк согушка да көп көңүл буруп жатат.
— Мектептерде, жогорку окуу жайларында жаштар согушка көп маани бербей калышты. Алтымышка жакын ардагерлерибиздин көзү бар. Согуштагы окуяларды эскерүү менен балдарды мекенчилдикке тарбиялоону колго алсак кандай болот?
С.М.: — Тарыхый эс тутумду жоготпош үчүн тарыхты билүү керек. Согушта кимдин ресурсу мыкты болсо, ошол жеңишке жетишет. Эксперттердин санагы боюнча, Германия согушка 350 миллион адам топтосо, Советтер союзунда 200 миллионго чукул адам болгон. Бул да болсо идеологиянын жана эмгекчилердин күчү. Муну унутпашыбыз керек. Тарых барактарын карасак да Улуу Ата Мекендик согушту айрымдар өз улутуна жан тартып бурмалоого аракет кылышкан.
Көп реформалар жүргөн. 1940-жылы союзда жогорку окуу жайларда контракттык негизде билим алуу системасы кирет. 1941-жылы согуш башталып, канчалаган жоготууларга дуушар болдук. Ошол аралыкта кыргызстандык Панфилов дивизиясы Москванын алдында мекенди коргойт. Анан архивден Сталиндин 1942-жылдын 15-октябрына таандык токтомун көрүп таң калдым. Анда "кыргыздар билим алууга акы төлөөдөн бошотулсун" деп жазылып турат. Андан барып бул эреже башка элдерге тараган. Ошол кездеги Жогорку Советтин депутаттары да согушка аттанган. Нурлан Бозуев деген депутатыбыз фронтто мыкты эрдиктерди көрсөткөн.
Азыр жогорку окуу жайларында тарых сабактарынын сааттары кыскарып жатканы өкүндүрөт. Иштин көзүн таба билип, элди бир идеологияга бириктирген Совет өкмөтү болгон да. Ошол ынтымак, ошол биримдик жеңишке жеткирди.
Желек кармап терезесинен Өлбөс полктун катышуучулар тоскон киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2023
Желек кармаган ардагер терезесинен күтөт. "Өлбөс полктун" мааниси тууралуу маек
Жаңылыктар түрмөгү
0