Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бишкектеги айрым гүл аянтчалары 9-Майга карата жасалды

© Sputnik / Асел АкматБиринчи май районунун "Жашыл чарба" мекемесинин башчысы Уулжан Имиткулова
Биринчи май районунун Жашыл чарба мекемесинин башчысы Уулжан Имиткулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2023
Жазылуу
Биринчи май районунун "Жашыл чарба" мекемесинин башчысы Уулжан Имиткулова Бишкек шаарында жоогазындардын ордуна жылдык гүлдөр отургузулуп жатканын айтты.
Учурда Бишкек шаарындагы айрым гүл аянтчалары 9-Май — Улуу Жеңиш күнүнө карата жасалып бүттү. Бул тууралуу Уулжан Имиткулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бишкектеги айрым гүл аянтчалары 9-Майга карата жасалды
Анын айтымында, скверлер 1941-1945 деген жазуулар жана жылдызчалар, гүлдөр менен тартылган.
"Бүгүнкү күндө деле шаар боюнча гүл отургузуу иштери кызуу жүрүп жатат. Өзгөчө жоогазындардын ордуна жылдык гүлдөр тигилүүдө. Басымды кыргыздын оймо-чиймелерине коюп жатабыз. Мындан сырткары, белгилүү бир майрамдарга ылайыктап да дизайн иштеп чыкканга аракет кылабыз. Жакында 9-Май майрамы келе жаткандыктан шаарыбыздагы айрым гүл аянтчаларына 1941-1945 деген жазуулар жана жылдызчалар, гүлдөр менен жазылып, тартылды. Негизи шаарды жашылдандыруу жана кооздоо иштери боюнча жыл башында план түзүлүп, ошого жараша эмгектенебиз", — деди Имиткулова.
Ал калаага гүл отургузууда түстөрү, бойлору жана түрлөрү шайкеш келгендиги маанилүү экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0