Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси УКМКнын абагына киргизилди

© Sputnik / Табылды КадырбековВенгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Темирбек Эркинов. Архивдик сүрөт
Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Темирбек Эркинов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2023
Жазылуу
Фонддун төрагасы коррупцияга айыпталып жатат.
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Темирбек Эркинов УКМКнын тергөө абагына 3-июлга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабарлады.
Эркинов коррупцияга айыпталып жатат. Кененирээк маалымат бериле элек. Анын кармалганы кечээ айтылган.
Аталган фонд 2021-жылы түзүлүп, Эркинов ошондон бери иштеп келген. Фонд Кыргызстанда өзүн-өзү актаган долбоорлорго займ берүү, капиталына катышуу жана өлкө аймагында катталып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субъектилерин каржылоо максатында ачылган.
Эркинов эмгек жолун парламенттен катардагы кызматкер болуп баштаган, андан кийин Соода-өнөр жай палатасында иштеп, бизнес жана коомдук иштер менен алектенген. 2014-жылы Бангладештин Кыргызстандагы ардактуу консулу болгон.
Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
Транспорт министри Баткенде жол курууда кымырылган 40,8 млн. сом боюнча үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0