Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековВенгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Темирбек Эркинов. Архив
Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Темирбек Эркинов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2023
Жазылуу
Фонд эки жыл мурун түзүлгөн.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Темирбек Эркинов кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өздүк булактар билдирди.
Азырынча кенен маалымат жок. Фонд 2021-жылы түзүлүп, Эркинов ошондон бери иштеп келген. Фонд Кыргызстанда өзүн-өзү актаган долбоорлорго займ берүү, капиталына катышуу жана өлкө аймагында катталып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субъектилерин каржылоо максатында ачылган.
Эркинов эмгек жолун парламенттен катардагы кызматкерден баштаган, андан кийин Соода-өнөр жай палатасында иштеп, бизнес жана коомдук иштер менен алектенген. 2014-жылы Бангладештин Кыргызстандагы ардактуу консулу болгон.
Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
Транспорт министри Баткенде жол курууда кымырылган 40,8 млн. сом боюнча үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0