Кыргызстанда канча балык өндүрүлүп, канчасы экспорттолгону айтылды

© Пресс-служба правительства КРЧүй облусундагы балык чарбасы. Архив
Чүй облусундагы балык чарбасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2023
Жазылуу
Өлкөдө өндүрүлгөн балыктардын 30 пайызы чет өлкөгө сатылат.
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда өндүрүлгөн балык жана анын экспорту тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 2021-жылы товардык балык өндүрүү 10,3, ал эми былтыр 20,7 тоннаны түзгөн. Балык жана балык азыктарынын экспорту 2021-жылы 5 183, былтыр 6 871 тоннага жеткен. Башкача айтканда, 30 пайызы чет өлкөгө сатылат.
Кечээ, 4-майда, өлкөдөгү балык өстүрүүчүлөрдүн, кайра иштетүүчүлөрдүн жана экспорттоочулардын I съезди өткөн. Анда балык чарбалары жаратылыш ресурстарын пайдаланып көлмөлөрдү, бассейндерди куруп, балыктарды көбөйтүү менен азык-түлүк коопсуздугу, балык азыктарын экспорттоо, жаңы жумуш орундарын жана кластерлерди түзүү талкууланган.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын февраль айында Россельхознадзор Кыргызстандын ветеринардык кызматына Россияга жөнөтүлгөн форель жана форель икрасынын сертификатталышын токтотууну өтүнүп кайрылган. Мекеме эки жылдан бери Кыргызстандан Россияга жөнөтүлгөн форель жана форель икрасында тыюу салынган жана зыяндуу заттардын нормадан ашып кетип жатканын аныктап келерин белгилеген. Мындан тышкары, аталган кызматтын адистери Кыргызстандан барган бул балыктын көлөмү кадимки форелден чоңураак экенин аныкташкан. Мекеме ушунун өзү эле күмөн саноого негиз болорун белгиледи. Мындан улам Россельхознадзор 2023-жылдын январында балык чарбачылыгы менен алектенген компанияларды текшерүү боюнча айтып, демилге көтөргөн.
Форель. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2023
Министрлик: Россияга балык экспорттоодогу мүчүлүштүктөр боюнча иштеп жатабыз
Жаңылыктар түрмөгү
0