Ошко таза суу чыгаруунун биринчи этабы аяктады. Калаада бир суткага суу өчөт

© пресс-служба мэрии города БишкекАял таза сууну алып жатат. Архив
Аял таза сууну алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Жазылуу
2-майга караган түнү саат 00:00дө сууберүү токтотулуп, жаңыдан тартылган түтүктөр суу каналына туташтырылат.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Ош шаарына үзгүлтүксүз таза суучыгаруу долбоорунун биринчи этабы аяктады. Аны ишке киргизүү үчүн 2-майда калаанын айрым көчөлөрүндө бир суткага суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, шаарда 2-майга караган түнү саат 00:00дө суу берүү токтотулуп, жаңыдан тартылган түтүктөр каналга туташтырылат. Манас-Ата, Туран, Достук кичи району, Калинин массивинде гана суу өчүрүлбөйт.
Калааны таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу долбоору үч этап менен ишке ашууда. Биринчи этабында Данги участкасында, Төлөйкөн айылындагы каналдан баштап Озгур айылындагы "Ош шаардык суу канал" ишканасынын суу тосмосуна чейинки аралыкка түтүк ашар ыкмасы менен тартылары айтылган. Анын жалпы узундугу 475 метр, диаметри 1 000 миллиметр.
Экинчи этаптын алкагында ар бири 6000 метр куб болгон 4 резервуарды куруу боюнча иш-чаралар пландаштырылган. Ал эми үчүнчү баскычта Азия өнүктүрүү банкынын долбооруна ылайык, Папан суу сактагычынан суу түтүгүн тартуу иштери каралган.
Белгилей кетсек, Ошто жаан жааган сайын таза суу берүү эки-үч күнгө чейин токтоп, тургундарды түйшүккө салат. Көйгөйдү чечүү үчүн буга чейин эки долбоор ишке ашырылган. 2009-2010-жылдары жергиликтүү казынадан 22 миллион сом бөлүнгөн. Андан кийин Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 1,5 миллион доллар грант катары берилген.
Кызыл-Кыядагы жер көчкүдөн талкаланган үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2023
4000 үй-бүлө өтө кооптуу аймакта жашайт. ӨКМ эмнеге көчүрө албай жатканын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0