4000 үй-бүлө өтө кооптуу аймакта жашайт. ӨКМ эмнеге көчүрө албай жатканын айтты

© Sputnik / Эмиль СадыровКызыл-Кыядагы жер көчкүдөн талкаланган үй. Архив
Кызыл-Кыядагы жер көчкүдөн талкаланган үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2023
Жазылуу
Аткаминер кээ бир тургундарга жер тилке берилсе дагы көчүрүү кыйын болуп жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстанда 4 миңге чукул үй-бүлө өтө кооптуу аймактарда жашап жатат. Бул туурасында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов парламентте билдирди.
Анын айтымында, жер көчкү жүрүү кооптуулугу эң жогору деп бааланган Ош облусунун Өзгөн районунда беш, Кара-Кулжада үч, Алайда эки тилке бар. Ал эми Жалал-Абад облусунунун Сузак районунда алты, Аксыда үч, Базар-Коргондо бир тилке аныкталган.
"Учурда өтө кооптуу аймактарда 3 780 үй-бүлө жашайт, алар көчүрүлүүгө тийиш. Анын ичинен 1 468 түтүнгө мамлекет тарабынан коопсуз жактан жер тилке берилген эмес, бирок 2 312сине жер берилсе да көчпөй жатат. Кооптуу аймактагы жашоочулар турмуш-тиричилигине, мал чарбасына байланыштуу жер тилке берилип, үй салынса дагы таштап кетүүдөн баш тартууда. Коопсуз жактагы үйлөргө балдарын киргизип койгон. Андан сырткары, көчүрүү маселесинде дагы бир көйгөй бар. Жаңы конуштарда таза суу, электр энериясы, жол сыяктуу инфраструктурасы болушу керек. Ал да маселе жаратууда", — деди Мазарипов.
Аткаминер көчүрүү маселеси натыйжа бербегенине байланыштуу жер көчкү коркунучтарын башкаруу деген долбоор башталганын белгиледи. Анын суммасы 39 миллион долларды түзөт, каражат Азия өнүктүрүү банкынан алынууда.
Өзгөн районунун Карл Маркс айылынын Кызыл-Күнгөй тилкесиндеги жер көчкү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2023
Өзгөндө ири жер көчкү айылга жакындап, 18 үй-бүлө эвакуацияланды
Жаңылыктар түрмөгү
0