Шойгу ШКУ жыйынында Кытайдын коргонуу министри менен жолукту. Видео

© Фото / Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүРоссия менен Кытайдын коргонуу министрлери Сергей Шойгу жана Ли Шанфу
Россия менен Кытайдын коргонуу министрлери Сергей Шойгу жана Ли Шанфу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Россия менен Кытайдын коргонуу министрлери Сергей Шойгу жана Ли Шанфу ШКУга мүчө өлкөлөрдүн аскердик ведомстволорунун Нью-Делидеги жыйынынын алкагында эки тараптуу жолугуу өткөрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анда эки тараптын тең кызыкчылыгы каралган маселелер талкууланганы кабарланды.
"Бул иш-чарада эки министрдин жолугушуусу протоколдо каралган эмес", — деп жазды агенттик.
Анда Кыргызстандын, Индиянын, Казакстандын, Кытайдын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын коргоо министрлери учурдагы геосаясий кырдаалды эске алып, ШКУнун форматында коргонуу жаатында кызматташуу талкууланды.
ШКУнун коргоо министрлеринин жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
ЖККУ, КМШ менен алаканы арттырууну көздөп. ШКУнун коргоо министрлеринин жыйыны
Жаңылыктар түрмөгү
0