Кыргызстанда ДНК-лаборатория ачуу пландалууда. Болжолдуу баасы айтылды

© Sputnik / Максим Захаров / Медиабанкка өтүүДНК анализ жасап жаткан лаборатория кызматкери. Архив
ДНК анализ жасап жаткан лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2023
Жазылуу
Учурда ДНК-экспертиза зарыл болсо Алматыдагы лабораторияга жөнөтүлөт.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Ички иштер министрлиги ДНК-лаборатория ачууну пландап жатат. Бул тууралуу ИИМ башчысынын орун басары Эркебек Аширходжаев ЖКнын Социалдык саясат комитетинде билдирди.
Жыйында депутат Жылдыз Садырбаева зордуктоо оор кылмышка кирерин, аны далилдөөнүн эң негизги механизми ДНК-анализ экенин белгиледи. Өлкөдө андай лаборатория жок милиция кандай иштеп жатканына кызыкты.
Аширходжаев кээ бир өзгөчө оор учурларда ДНК-экспертиза Алматыда жасаларын, бирок ал кымбат болгондуктан милиция кызматкерлери чөнтөгүнөн акча чогултууга аргасыз экенин айтты.
"Зордуктоо кылмыштары бизде көп тараган, өзгөчө балдар арасында. Өзүбүздө да лаборатория салыш керек деп ойлобойсузбу? Бул сиздер тараптан өтө шалаакылык деп ойлойм, так далилдүү базаңар жок. Кыргызстанга ири суммадагы гранттар келет, силер быйыл, керек болсо ушул айда лаборатория салсаңар болот. Зордукчулар азыр жакшы бир адвокат жалдаса суудан кургак чыгышы мүмкүн", — деп нааразы болду депутат.
Мындан улам министрдин орун басары ДНК-лаборатория ачуу пландалып жатканын, бирок ага 2 миллион долларга жакын каражат керектигин билдирди.
"Азыр макулдашуулар жүрүп жатат, кудай буюрса, эмдиги жылы ачып калабыз деген план бар. Туура айтасыз, ДНК-анализ аябай жакшы далил болот эле. Бирок эч нерсе кылбай жатасыздар дегениңизге макул эмесмин. Мен кызматка келген эки жылдан бери ушул теманы көтөрүп келем. Акылбек Үсөнбекович менен былтыр сүйлөшкөнбүз, быйыл акча бөлүп берилет. Лаборатория бир күндүк жумуш эмес экен, техникалык талаптарына жооп берген имарат керек, реактивдери бар. Лабораторияны иштетиш үчүн жылына 600-700 миң доллар талап кылынат. Иштеп жатабыз, жөн отурган жокпуз", — деди Аширходжаев.
Ошондой эле ал бир ДНК-анализ жүргүзүүнүн өздүк баасы эле 1000 доллардан аша турганын белгиледи.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин көмүрдүн сапатына, жер ресурстарына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси Гүлнура Ыбыкеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Радио
Көмүрдүн сапатын текшере турган заманбап лаборатория ачылды
Жаңылыктар түрмөгү
0