Ысык-Көлдө күн жылыйбы? Алдыдагы аптага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
Жазылуу
17-апрелде айрым аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда абанын температурасы 11 жана 21 градустун тегерегинде сакталат. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
17-апрелде түнкүсүн жаан жаабайт, бирок күндүзү жана 18-апрелде айрым жерлерде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт.
19-апрелде тоолорго кар түшөт, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 20-апрелде дагы күн ачык болот. Бирок 21-апрелде айрым жерлерде жаан жаайт.
Апта аягы 22-23-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-апрелде айрым аймактарда 15-20 метрге жетет.
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2023
Бишкек — Анкара — Бишкек авиакаттамын ачуу пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0