https://sputnik.kg/20230412/komuzchu-samara-toktakunova-menen-kosmonavt-yurij-gagarin-taberik-surot-1074369814.html
Юрий Гагарин, Самара Токтакунова, Екатерина Фурцева. 62 жыл мурунку таберик сүрөт
Юрий Гагарин, Самара Токтакунова, Екатерина Фурцева. 62 жыл мурунку таберик сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт. 12.04.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-04-12T17:20+0600
2023-04-12T17:20+0600
2023-04-12T17:20+0600
кыргызстан
маданият
самара токтакунова
космонавт
юрий гагарин
таберик сүрөт
https://sputnik.kg/img/103378/07/1033780743_0:113:2992:1796_1920x0_80_0_0_6e0f287dd7f2d8bf157af7d575a15e5a.jpg
Солдон оңду көздөй турган СССРдин эл артисти, белгилүү комузчу Самара Токтакунова, Советтер Союзунун Баатыры, атактуу космонавт Юрий Гагарин, италиялык белгилүү актриса Мариза Мерлини жана СССРдин маданият министри Екатерина Фурцеванын сүрөтү 1961-жылы Москва шаарында тартылган.Ал жылы кыргызстандык комузчулар Кремлде өткөн эл аралык иш-чарага катышуу үчүн барып, атагы алыска кеткен Гагарин менен жолугуп калышкан.Ошол кезеңди СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Самара Токтакунова мындайча эскерет:Ал кезде 16 жаштагы комузчу филармонияда эмгектенип, кесиптештери менен гастролдоп калса, 27 жаштагы Юрий Гагарин ошол жылы 12-апрелде биринчи болуп ачык космоско чыгып, жалпы адамзаттын сыймыгына айланган. Ал эми 51 жаштагы Екатерина Фурцева 1960-жылдан 1974-жылга чейин СССРдин Маданият министрлигин башкарган.Тема боюнча:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103378/07/1033780743_224:0:2768:1908_1920x0_80_0_0_84fc7e92213441b7af2c955b5a137af4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, маданият, самара токтакунова, космонавт, юрий гагарин, таберик сүрөт, инфографика
кыргызстан, маданият, самара токтакунова, космонавт, юрий гагарин, таберик сүрөт, инфографика
Юрий Гагарин, Самара Токтакунова, Екатерина Фурцева. 62 жыл мурунку таберик сүрөт
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Солдон оңду көздөй турган СССРдин эл артисти, белгилүү комузчу Самара Токтакунова, Советтер Союзунун Баатыры, атактуу космонавт Юрий Гагарин, италиялык белгилүү актриса Мариза Мерлини жана СССРдин маданият министри Екатерина Фурцеванын сүрөтү 1961-жылы Москва шаарында тартылган.
Ал жылы кыргызстандык комузчулар Кремлде өткөн эл аралык иш-чарага катышуу үчүн барып, атагы алыска кеткен Гагарин менен жолугуп калышкан.
Ошол кезеңди СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Самара Токтакунова мындайча эскерет:
"Ал жылы Кремль сарайынын Съезддер үйүнүн ачылышы болуп, ага Фрунзеден алты комузчу барганбыз. Иш-чарага бардык союздук республикалардан артисттер чогулуп, чет өлкөдөн да бир топ маданият өкүлдөрү келген. Анан Гагаринди көрүп калдым, залда турган телефондон чалганы келе жаткан экен, СССРдин маданият министри Екатерина Фурцева коштоп жүрүптүр. Мен дагы тың экенмин, Гагариндин жанына бара калып "Сиз менен сүрөткө түшүп алайынчы" деп уруксат сурасам эле жылмайып туруп берген. Ошентип Советтер Союзунун сыймыгы менен бат эле сүрөткө түшүп калгам", — деди Токтакунова.
Ал кезде 16 жаштагы комузчу филармонияда эмгектенип, кесиптештери менен гастролдоп калса, 27 жаштагы Юрий Гагарин ошол жылы 12-апрелде биринчи болуп ачык космоско чыгып, жалпы адамзаттын сыймыгына айланган. Ал эми 51 жаштагы Екатерина Фурцева 1960-жылдан 1974-жылга чейин СССРдин Маданият министрлигин башкарган.