Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Небензя Батыш Киевге берген курал каяктан "калкып" чыга баштаганын айтты

© AP Photo / John MinchilloРоссиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя. Архив
Россиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
Жазылуу
Апрелдин башында НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг альянс өлкөлөрү Украинага 65 миллиард доллардан ашык суммада аскердик жардам көрсөткөндүгүн жар салган.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Батыштын Киевге берген курал-жарагы уюшкан кылмыштуу топтордун арсеналын толуктап, Европа жана Африка мамлекеттеринде пайда боло баштады. Бул туурасында Россиянын аталган уюмдагы өкүлү Василий Небензя Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
"Россия мурдатан эле Киев бийлигинин "оозу-мурдунан чыгарып" берген курал мыйзамсыз рынокко түшүп, уюшкан кылмыштуу топтор менен террорчулардын колуна тиерин айтып келген. Эми бул нерсе фактылар менен бекемделе баштады", — деп айтканын РИА Новости жазды.
Дипломат Батыш куралынын Европанын өлкөлөрүндө жана кылмыштуу топтордун колунда пайда болуп баштаганын европалык полиция кызматкерлери да тастыктап жаткандыгын белгиледи.
"Батыштын Украинага берген куралдары дүйнөгө жайылып, согушкерлердин, анын ичинде Африкадагылардын куралы болуп калууда. Муну африкалык өлкөлөрдүн жетекчилеринин билдирүүсүнөн угуп жатасыңар", — деп кошумчалаган Небензя.
2023-жылдын 3-апрелинде НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг альянстын өлкөлөрү Украинага 65 миллиард доллардан ашык суммада аскердик жардам көрсөткөндүгүн жар салган.
Украинага курал-жарак, ок-дары берип жаткандардын ана башында Америка турат. Жозеф Байден АКШнын президенти болгон 2021-жылдын январынан бери Вашингтон Киевге 35,8 миллиард долларлык аскерий жардам көрсөткөн. Атайын операция башталгандан бери Украинанын аскердик тармагына 35,1 миллиард доллар көлөмүндөгү аскердик жардам берилген. 2014-жылдан тарта эсептегенде АКШнын Киевге берген жардамы жалпылап алганда 37,8 миллиард доллардын тегерегинде деп бааланууда. АКШдан кийин эле курал жагынан көмөктөшүп Улуу Британия келе жатат. Жакында Польшанын президенти Анджей Дуда өлкөсү Украинага курал берүү боюнча (көлөмүн алганда) дүйнөдөгү үчүнчү өлкө болуп калганын жар салган.
Буга чейин РФ НАТО мамлекеттерине Украинага курал-жарак берип жатканы үчүн нота жөнөткөн. Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу максатында жөнөтүлгөн жүктүн кандай гана түрү болбосун, Москва үчүн мыйзамдуу бута болорун эскерткен. Мындай кадамдарды жасап, НАТО от менен ойноп жаткандыгын кошумчалаган. Лавров альянс менен Америка Украинадагы чатакка түз катышып жатканын айтып, муну курал берүүдөн сырткары Улуу Британиянын, Германиянын жана Италиянын аймагында согуштук кадрларды даярдап берип жаткандыгы менен негиздеген.
Берлиндеги Рейхстагдын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Немец саясатчысы Киевге курал бергенде жаралган тобокелдиктерди көрсөтүп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0