Bloomberg: дүйнөлүк мунай тармагы түп тамырынан өзгөрүүгө тушукту

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМунай казуучу станция. Архив
Мунай казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2023
Жазылуу
Учурда деңиз аркылуу 200 миллион баррель нефть ташылып жатат, эки жыл мурун 177 баррель эле.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Нефть рыногунун активдүүлүгүн Батыштан Чыгышка оогон тенденциясынан улам дүйнөдөгү мунай танкерлерин куруу күч алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Bloomberg басылмасына таянып жазды.
Журналисттердин бир нече кеме брокерлеринин айткандарына таянуу менен жарыялаган маалыматы боюнча, Braemar компаниясы бул жылы орто класстагы 38 танкер буюртма алган. Simpson Spence & Young компаниясы эл аралык сериядагы номерлер ыйгарылган кемелердин саны жыл башынан тартып ушул учурга чейин 28ди түзгөнүн маалымдаган. Бул көрсөткүч 2022-жылдагы жалпы кемелердин санына жакын. Мындай көрүнүш танкерлерге суроо-талаптын өскөндүгүн билдирет.
"Нефтини кайра иштетүүчү заводдор менен негизи керектөөчүлөрдүн географиялык абалынын алмашуусу негизги өзгөрүү болуп калмакчы", — деп түшүндүргөн Braemar басылмасынын аналитиги Александра Алатари.
Ошол эле учурда Kpler Inc. деңиз аркылуу 200 миллион баррель нефть ташылып жатканын маалымдап, эки жыл мурун ал 177 баррель экенин билдирди.
Бейшембиде Брюсселдеги брифингде Еврокомиссиянын расмий өкүлү Даниэль Ферри Евробиримдикте жана "Чоң жетиликте" Россиянын нефтисине коюлган баанын чегин кайра карап чыгууга мүмкүндүк берген көпчүлүк топтоло электигин билдирген.
Мунай казуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
Кытай эксперттери: Евробиримдик РФ нефтисинин баасын чектөөдөн өзү жабыр тартат
Жаңылыктар түрмөгү
0