Нарында кийинки аптада күн кандай болот? Кыргызгидрометтин маалыматы

Булуттар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2023
Жазылуу
Тоолуу аймактарда түнкүсүн -16 градуска чейин суук болот.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы аптага карата Нарын облусундагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Нарын жергесинде 2-6-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
7-апрелде күндүз жана 8-апрелде айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-4-апрелде айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Бишкекте өрүк гүлдөө учурунда адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2023
32 градуска чейин ысыйт. Апрелге карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0