10 күндө канттан баш тартууга болот. Дарыгердин кеңеши

© Фото / Pexels / Mikhail Nilov Кант кубиктери менен кыз. Иллюстративдик сүрөт
Кант кубиктери менен кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2023
Жазылуу
Адис бул режимди туура сактаган учурда таттууга болгон табит бир жуманын ичинде басаңдап каларын айтты.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Акушер-гинеколог Екатерина Волкованын айтымында, кантка болгон көз карандылыктан 10 күндө эле арылууга болот. Бул тууралуу дарыгер Доктор Питер басылмасындагы маегинде билдирди.
Адис таттууну төмөнкү нерселерге алмаштырган учурда бир жумадан кийин эле өзгөрүүлөрдү сезүүгө болорун айткан.
Биринчи күнү белок менен майга бай тамак-ашты камдап алыңыз. Ширин нерсе жегиңиз келгенде авокадо, зайтун, ашкабактын данын, балык же жаңгак жеп коюңуз.
Экинчи күнү клетчаткага бай жашылчаларды, көк чөп, капустаны көбүрөөк жегенге болот.
Үчүнчү күнү курамына кант кошулган кетчуп, соус, майонез жана йогурттан баш тартыңыз.
Төртүнчү күнү таттууга болгон табит күч алат. Анда өзүңүздү кургатылган өрүк, кара өрүк же алма менен алаксытсаңыз болот.
Бешинчи күнү азыраак өлчөмдө кара шоколад жеңиз.
Алтынчы күнү суусундуктун көлөмүн көбөйтүңүз. Шекер кошулбаган компот же морс сунушталат.
Жетинчи күнү таттууга болгон табит басаңдап калат. Күнүнө 4-5 жолу тамактанып, режимди сактай бериңиз.
Сегизинчи жана тогузунчу күндөрү өзүңүздү жумушка, спортко алаксытып, таттуунун ордуна жаңгак, жашылча жегенди уланта бериңиз.
Ошентип акыркы, онунчу күнү өзүңүздү мактап, белектин ордуна кант кошулбаган десерт менен кубаттап коюңуз.
Уктап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2023
Өлгөн кишинин сүрөтү, жибек шейшеп... Уктоочу бөлмөгө жолотпой турган нерселер
Жаңылыктар түрмөгү
0