“Ынтымак” көк бөрү мелдешинин баш байгесин утуп, 1 млн. сом менен сыйланды

© Sputnik / Владислав НогайКөк бөрү боюнча республикалык мелдешттин оюну учурунда
Көк бөрү боюнча республикалык мелдешттин оюну учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2023
Жазылуу
Республикалык турнир быйыл алгачкы ирет төрт лигада өттү.
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. “Ынтымак” командасы көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жеңүүчүсү болду.
Жогорку лиганын финалында аталган команда “Сары-Өзөн” менен беттешип, 5:0 эсебинде утуп алды.
Натыйжада байге ээлери төмөнкүдөй сыйланды:
Биринчи орун — “Ынтымак” командасы, 1 миллион сом;
Экинчи орун — “Сары-Өзөн” командасы, 500 миң сом;
Үчүнчү орун — “Достук” командасы, 250 миң сом.
Оюндар Бишкектеги “Аккула” ат майданында 13-мартта башталган. Республикалык турнир быйыл алгачкы ирет төрт лигада (жогорку, биринчи, экинчи, 40 жаштан жогоркулар) өттү. Ага жалпы 37 команда катышкан. Жалпы байге фонду 7 миллион сомду түздү.
Биринчи лигада баш байгени “Жаштык” командасы уткан. Экинчи лигада “Көк-Жал” биринчи орунду алды. 40 жаштан жогоркулар арасында “Жети-Дубан” командасы алтын медалды багындырды.
Празднование Нооруза-2023 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2023
Сүмөлөк ооз тийүү, шаңдуу оюндар. Жайдары маанай тартуулаган Нооруздагы сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0