ЖМК: Владимир Путиндин стратегиялык планы Батышты түпөйүл кылууда

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүКытай лидери Си Цзиньпин жана Россиянын президенти Владимир Путин жолугушуу учурунда. Архив
Кытай лидери Си Цзиньпин жана Россиянын президенти Владимир Путин жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2023
Жазылуу
Буга чейин Кремлдин маалымат кызматы Путиндин чакыруусу менен 20-22-мартта Си Цзиньпин Москвага мамлекеттик сапары менен келе тургандыгын билдирген.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кытай лидери Си Цзиньпиндин Москвага барары жана анда президент Владимир Путин менен жолугуша тургандыгы АКШ менен анын союздаштарын тынчсыздандырууда. Бул тууралуу Hill басылмасынын баяндамачысы Эллен Митчелл жазганын РИА Новости агенттиги таратты.
"Си Цзиньпиндин Москвага иш сапары жана Кытай тараптын Россияны колдоосу — түрдүү чектөөлөр менен Россиянын экономикасына басым көрсөтүүнү көздөгөн АКШ менен анын союздаштарына чакырык таштоо болуп саналат", — деп жазган баяндамачы.
Ал Кытайдын президенти менен Владимир Путиндин жолугушуусунун башкы максаттарынын бири эки өлкө өнөктөш экендиктерин ачыктоо, Батыштын алардын ишине адилетсиз кийлигишүүсүнө биргеликте каршы туруу болушу мүмкүн деп болжолдогон. Ошондой эле баяндамачы Россия менен Кытай лидерлери жолугушат деген билдирүү Батыш саясатчыларын түпөйүл кылды деп белгилеген.
Митчеллдин пикиринде, жолугушууда алар кандай маселелерди талкуулабасын, баары бир эки мамлекеттин башчыларынын байланышы бекемделет деп кошумчалаган.
Буга чейин Кремлдин маалымат кызматы Путиндин чакыруусу менен 20-22-мартта Си Цзиньпин Москвага мамлекеттик сапары менен бара тургандыгын билдирген. Жолугушууда тараптар өнөктөштүктүн алкагындагы маанилүү маселелерди, Москва менен Пекиндин стратегиялык кызматташтыгын талкуулай тургандыгын кошумчалаган.
Владимир Путин менен Си Цзиньпин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2023
Ушаков: Путин менен Си Цзиньпин Украинадагы жаңжалды талкуулашат
Жаңылыктар түрмөгү
0