https://sputnik.kg/20230313/okmot-surabaldievanyn-sunushuna-makul-boldu-1073555783.html
Дүкөнчү жалгыз иштебесе айып салуу: өкмөт Сурабалдиеванын сунушуна макул болду
Дүкөнчү жалгыз иштебесе айып салуу: өкмөт Сурабалдиеванын сунушуна макул болду
Sputnik Кыргызстан
Долбоордо дүкөнгө жардам бергенге бирөөнү жумушка алууга да тыюу салынган болчу. 13.03.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-03-13T15:32+0600
2023-03-13T15:32+0600
2023-03-13T15:32+0600
саясат
элвира сурабалдиева
салык
дүкөн
айып
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/18/1070281016_0:64:1079:671_1920x0_80_0_0_df3dcbcdfe8f8d280c9cc4c04c1157cc.jpg
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Өкмөт Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеванын жеке ишкерлердин адам жалдап иштетишине уруксат берүү сунушуна макул болду.Бүгүн парламенттин тармактык комитетинде Салык кодексин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралган. Анда эл өкүлү "жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган жеке ишкерлердин бирөөнү жалдап иштетүүгө укугу жок" деген норма чоң нааразычылыкты жаратарын билдирген. Дүкөн ачып иштеткен адам 365 күн ордунан жылбай отурушу керектигин мисал кылып, эгер башка бирөө туруп калса айып салуу каралганын айткан. Дүкөнгө жардам бергенге бирөөнү жумушка алууга да тыюу салынган.Талкуунун соңунда Сурабалдиева дагы бир ирет мындай норманын кесепети тууралуу эскертти.Андан соң министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев аларга эки адам жалдап иштеткенге уруксат берүүгө макул болду. Мыйзам долбоору аталган сунушту эске алуу менен комитеттен колдоо тапты.
https://sputnik.kg/20230313/ekonomika-ministri-aldabaym-aldagan-emesmin-1073552735.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/18/1070281016_23:76:900:733_1920x0_80_0_0_d2a5128d5c08b7efb3b35f6460dc31bd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
саясат, элвира сурабалдиева, салык, дүкөн, айып
саясат, элвира сурабалдиева, салык, дүкөн, айып
Дүкөнчү жалгыз иштебесе айып салуу: өкмөт Сурабалдиеванын сунушуна макул болду
Долбоордо дүкөнгө жардам бергенге бирөөнү жумушка алууга да тыюу салынган болчу.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Өкмөт Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеванын жеке ишкерлердин адам жалдап иштетишине уруксат берүү сунушуна макул болду.
Бүгүн парламенттин тармактык комитетинде Салык кодексин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралган. Анда эл өкүлү "жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган жеке ишкерлердин бирөөнү жалдап иштетүүгө укугу жок" деген норма
чоң нааразычылыкты жаратарын билдирген. Дүкөн ачып иштеткен адам 365 күн ордунан жылбай отурушу керектигин мисал кылып, эгер башка бирөө туруп калса айып салуу каралганын айткан. Дүкөнгө жардам бергенге бирөөнү жумушка алууга да тыюу салынган.
Талкуунун соңунда Сурабалдиева дагы бир ирет мындай норманын кесепети тууралуу эскертти.
"Бул кийин аябай орчундуу маселе болот. Ушундан улам да митингдер токтобойт. Салыкчы барып мыйзам боюнча сен эч кимди жумушка албашың керек, жалгыз отурушуң керек десе иштин баары пара менен бүтөт. Президенттин жарлыгында деле жүгүртүүсү 8 миллионго чейинки ишкерлер киреше салыгы менен социалдык камсыздандыруудан башкасынан бошотулат деп жатпайбы. Демек, адам жалдап иштетип салыктарды төлөй берсин да", — деди депутат.
Андан соң министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев аларга эки адам жалдап иштеткенге уруксат берүүгө макул болду. Мыйзам долбоору аталган сунушту эске алуу менен комитеттен колдоо тапты.
13 Жалган Куран 2023, 13:11