00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Күндөлүк
17:54
5 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Күндөлүк
19:56
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Об экономике и не только
«Рога и копыта»: зачем Кыргызстану первая за 22 года перепись в сельском хозяйстве
18:08
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Спортбокс
Аялдар күрөшүнүн жарык жылдызы — Нурзат Нуртаева дүйнө чемпиону
19:08
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Полис на работу или как безработных алиментщиков заставят трудиться по закону
20:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Үй-бүлөлүк зомбулук: эмне үчүн Кыргызстанда жабырлануучулардын саны дагы эле өсүүдө?
21:05
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Дүкөнчүнүн ордуна башка бирөө отурса айып салынат. Салыктын жаңы талаптары

© Sputnik / Константин МихальчевскийДүкөндөгү кассир. Архив
Дүкөндөгү кассир. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2023
Жазылуу
Министр патент менен иштегенде дагы ушундай эле талап болгонун белгиледи.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева сунушталып жаткан салыктын жаңы бир талабын айтып нааразы болду.
Учурда парламенттин тармактык комитетинде Салык кодексин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат. Эл өкүлү "жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган жеке ишкерлердин бирөөнү жалдап иштетүүгө укугу жок деп жатасыңар, туурабы ушул?" деп сурады.
Ага экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "ооба, баары туура" деген жооп берди.
"Эми бир адам эгин талаасында жалгыз иштеши керекпи? Ал эми дүкөнчү 365 күн эч жакка чыкпай отурабы? Эгер ордуна бирөөнү коюп, башка жумушу менен кетсе юридикалык жак катары карап айып саласыңар. Бул кандай болот, ал ооруп калышы мүмкүн, бир жакка барууга туура келет", — деди Сурабалдиева.
Анда Амангелдиев патент менен иштегенде дагы бир адамга жазылып, аны менен экөө соода кылганга мүмкүнчүлүгү жок экенин, мында да ошол эле принцип колдонулуп жатканын белгиледи.
"Анда жүрүңүз, экөөбүз тең каалаган шаарга баралы да дүкөндөрдү көрөлү. Иш жүзүндө кандай болуп жатат, кичинекей киоскиде, эгин талаасында бир адам 365 күн иштебейт. Ал бирөөнү жалдайт, карындашыбы же тууганыбы. ким болсо да. Анан аларды автоматтык түрдө юридикалык жакка которуп жатасыңар. Мындай учурда жеринде салыкчынын колуна акча берип бүтүрүшөт. Региондо чуу түшүп жаткан элди тынчтандыруунун ордуна Экономика министрлиги талаптарды катаалдаштырууга барып жатасыңар. Мунуңар кичинекей иш кылып, нанын таап жеп жаткан катмарга таасир этет", — деди депутат.
Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2023
Нарындыктар Садыр Жапаровго ККМ боюнча даттанышты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0