Таласта кийинки жумада аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу

© Sputnik / Табылды КадырбековТалас. Архивдик сүрөт
Талас. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2023
Жазылуу
Жуманын башында жана этегинде жаан-чачын жаайт.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Алдыдагы аптада Таласта аба ырайы кандай болорун Кыргызгидромет агенттиги айтып берди.
12-13-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо каржаай турганы айтылат.
13-мартта күндүз жана 14-17-мартта күн ачык.
18-мартта айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-мартта жана 13-мартта түнкүсүн айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Күнгө жылынып отурган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Күн ысыйбы? Март айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0