Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Америкалык комик: Украина тууралуу кыйкырганда Сирияны эстеп койгула

© AP Photo / J. David AkeВашингтондонгу Капитолий имараты. Архивдик сүрөт
Вашингтондонгу Капитолий имараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2023
Жазылуу
Стендап-комик Американы дүйнөдөгү эң ири террордук уюм деп атады.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттары Сирияга басып киргенин унутуп, Россиянын Украинадагы аракеттерине эки жүздүүлүк менен каршы чыгып жатат. Бул тууралуу комик жана саясий баяндамачы Жимми Дор Твиттердеги баракчасына жазды.
“Силер Украинадагы жаңжалды айтып жатканда АКШ Сирияга мыйзамсыз негизде кол салганын эстеп койгула. Өлкөнүн үчтөн бир бөлүгүн оккупациялап алды. Кайсы бөлүгүн дебейсиңерби? Мунай бар жерин басып алышты. Америка – дүйнөдөгү эң ири террордук уюм”, — деген Дор.
Америкалык аскерлер Сириянын түндүгүндөгү жана түндүк-чыгышындагы бир катар аймактарды мыйзамсыз көзөмөлдөйт. Расмий Дамаск АКШнын бул аймакты оккупациялашын мунайга болгон каракчылык деп атаган.
Бейшембиде АКШ Конгресси Сириядан аскерлерди чыгаруу боюнча резолюцияны четке какты. Палата өкүлдөрүнүн төрттөн бири аскерлердин чыгарылышын колдоп, басымдуу бөлүгү каршы чыккан.
Мунай казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2023
АКШ дүйнөлүк трейдерлерди Россия мунайын кылчактабай сатууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0