Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

ГИТИС атайын курска Кыргызстандан студенттерди кабыл алууда

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүГИТИС студенттери. Архив
ГИТИС студенттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2023
Жазылуу
1983-жылы ГИТИСтеги улуттук кыргыз курсунун акыркы бүтүрүүчүлөрү окууну аяктаган.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктарды ГИТИСтин атайын курсуна кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев билдирди.
© Sputnik / Жоомарт УраимовРоссотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнее
Брифинг о возможности поступления кыргызстанцев в ГИТИС - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2023
Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнее
Бишкекте Россиянын театралдык искусство институтуна (ГИТИС) кабыл алуу башталды. Каалоочулар актердук искусство, магистратурага, театралдык искусство (театрдын режиссурасы жана театрдын сценографиясы адистиги) жана ассистентура-стажировка багытына тапшыра алышат.
Зульхарнеевдин айтымында, РФ өкмөтүнүн квотасы боюнча кыргызстандыктар үчүн россиялык жогорку окуу жайларга 700 орун берилген. Анын 35и чыгармачылык багыттарга бөлүнгөн. Мындан тышкары, дүйнөдөгү эң мыкты театралдык институтка (ГИТИС) тапшыруу үчүн дагы 18 орун кошулган.
"Мунун баары эмне үчүн жасалып жатат? Биз Кыргызстанга түрдүү тармактагы, анын ичинде искусствонун квалификациялуу адистеринин келишине кызыкдарбыз. Кыргызстан менен Россиянын театралдык коомчулугунун салттуу байланышы үзүлбөй бекемдешин каалайбыз. Мурдагы салтты улай жаш кыргызстандыктар ГИТИСке тапшырып, мекенине кайтып келгенде өз театрларынын өнүгүүсүнө салым кошсо дейбиз", — деди ал.
Зульхарнеев Щепкин атындагы жогорку театралдык училищеде үч жылдан бери кыргыз студиясы иштеп жатканын эске салды. Эриш-аркак жылынын алкагында Кыргызстандан атайын курс алынган.
"Буга кошумча, ГИТИС студенттерди сахналык искусство боюнча факультеттин жаңы багыттарына кабыл алууну сунуштады. Бул Кыргызстандагы театралдык искусствонун өнүгүшүнө чоң түрткү болмокчу. Мындай нерсе 40 жылдан бери биринчи жолу болуп жатат. 1983-жылы ГИТИСтеги улуттук кыргыз курсунун акыркы бүтүрүүчүлөрү окууну аяктаган. Эми кыргызстандыктар кайрадан кабыл алына баштады. Алар сахналык искусство факультетинин атайын курсунун өзөгү болуп калышат", — деди Зульхарнеев.
ГИТИСтин окуу жана тарбия иштери боюнча проректору Эдита Тибилова акыркы бүтүрүүчүлөр 40 жыл мурда билим уясынан чыгарылганы менен байланыш үзүлбөгөнүн белгиледи.
© Sputnik / Жоомарт УраимовГИТИСтин окуу жана тарбия иштери боюнча проректору Эдита Тибилова
Брифинг о возможности поступления кыргызстанцев в ГИТИС - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2023
ГИТИСтин окуу жана тарбия иштери боюнча проректору Эдита Тибилова
"Биздин ректордун мындай тайпаны түзүү демилгеси колдоо тапты. Ага каалоосу бар кыргызстандыктардын баары тапшыра алат", — деди проректор.
Жаңылыктар түрмөгү
0