Бул салт болуп калыш керек. Иманалиев Жапаровдун командасына кошулганы тууралуу

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиевилим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев
илим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2023
Жазылуу
Иманалиев президенттик шайлоодо Садыр Жапаровго атаандаш болуп, кескин сындап келген. Мындан улам депутаттар түрдүү суроолорду узатышты.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев президенттин командасына кантип кошулуп калганы тууралуу айтып берди. Анын талапкерлиги парламенттин Социалдык саясат комитетинде каралды. 
Белгилей кетсек, Иманалиев президенттик шайлоодо Садыр Жапаровго атаандаш болуп, анын өлкөнү президенттик башкарууга өткөрүү демилгесин кескин сындап келген. Мындан улам депутат Элмурза Сатыбалдиев президент Садыр Жапаровдун командасына кантип кошулуп калганын сурады.
"Сунуш төрагадан келип түштү, муну көбү сурап жатышат. Саясат — бул конкуренция. Улуу Британиянын мурунку премьер-министри аял киши эле, ал парламентте лидер болуп жүрүп "падышалык институтту жок кылыш керек" деген демилге көтөргөн. Тагдыры ушундай болду, падыша өзү келип "сен премьер-министр бол, министрлер кабинетин түз" деди. Азыр Америкада шайлоо болуп жатат, демократтардан экөө чыгат да аябай айтышат. Бирөөсү утса, утулганы ошону колдойт. Мен президенттик шайлоодо оппонент болгонум бир гана максатта — парламентти, силерди коргош үчүн баш отумду сайгам. Бирок силердин убалыңарга мурунку парламент калды, тилекке каршы, канатыңарды кыркып салды. Элдин чечимин сыйлаш керек, президенттик-парламенттик өлкөнү тандады. Садыр Нургожоевичке рахмат, бири-бирибизге болгон жеке сын-пикирди аттап өтүп, мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга койдук. Президентпи, министрби, депутатпы... Ушул жакшы салт болуп калыш керек. Ар бир саясатчынын өзүнүн амбициясы бар, бирок Конституциянын бузулбастыгы, мамлекеттин бүтүндүгү, улуттун кызыкчылыгы турган жерде менин же сиздин амбицияңыз төмөн турушу зарыл. Ошон үчүн баарыбыз бир командабыз, кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн", — деп жооп берген Иманалиев.
Андан соң депутат "демек, Садыр Нургожоевичтин командасы сиздин купулуңузга толуптур да, ушул команда менен аягына чейин иштейм деп эң ыйык болгон министрликтин жоопкерчилигин алып жатасыз да, туурабы?" деп тактап сурады. Буга ал "ооба" деп кыска жооп берди.
Дагы бир эл өкүлү Айбек Маткеримов саясат менен билим берүү эки башка система экенин айтып, президент жүргүзүп жаткан реформаны кандай баалай турганына кызыкты.
"Билим берүү министрлигинде бир гана саясат болот, ал — билим берүүнүн саясатын алып баруу, мектептерди көтөрүү. Негизги саясатым Конституция жана билим берүү жөнүндөгү мыйзам болот", — деди Иманалиев. 
Депутат эртең министрликтен сырткары саясий пикир келишпестиктер болуп калса "бул өкмөт туңгуюкка алып барат, Афганстан болот деп мурда эле айткан элем" деп кетип калбайсызбы?" деген суроону узатты.
Иманалиев анда ага эки эсе чоң жоопкерчилик артылып жатканын белгилеп, бул жеке өзү жана Кыргызстандын тагдыры үчүн чоң сыноо экенин айтты.
Президент Садыр Жапаров принял и.о. министра образования и науки КР Каныбека Иманалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2023
Иманалиев Жапаровго билим берүү тармагын кандайча реформалай турганын айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0