Акылбек Жапаров: тынч жашагысы келбегендердин мизин кайтарууга кудуретибиз жетет

© Фото / пресс-служба правительства КРМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусундагы иш сапарында
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусундагы иш сапарында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2023
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Баткендеги чек ара жаңжалында жарактан чыккан үйлөрдүн ордуна курулуп жаткан турак жайлардын сапатын көрүүдө.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Эми тынч жашагысы келбегендерден элин коргоо үчүн Кыргызстандын кудурети жетет, бардык жаңы техникалар келген. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусундагы иш сапарында айтканын өкмөттөн маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, Жапаров чек ара жаңжалында бузулган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышууда. Министрлер кабинетинин төрагасы сапарынын экинчи күнүндө Капчыгай, Ак-Сай, Миң-Өрүк, Кара-Бак, Достук айылдарында курулган үйлөрдү көрүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
© Фото / пресс-служба правительства КР

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек ара жаңжалында бузулган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек ара жаңжалында бузулган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышууда. - Sputnik Кыргызстан
1/5

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек ара жаңжалында бузулган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышууда.

© Фото / пресс-служба правительства КР

Министрлер кабинетинин төрагасы сапарынын экинчи күнүндө Капчыгай, Ак-Сай, Миң-Өрүк, Кара-Бак, Достук айылдарында курулган үйлөрдү көрүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин төрагасы сапарынын экинчи күнүндө Капчыгай, Ак-Сай, Миң-Өрүк, Кара-Бак, Достук айылдарында курулган үйлөрдү көрүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. - Sputnik Кыргызстан
2/5

Министрлер кабинетинин төрагасы сапарынын экинчи күнүндө Капчыгай, Ак-Сай, Миң-Өрүк, Кара-Бак, Достук айылдарында курулган үйлөрдү көрүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

© Фото / пресс-служба правительства КР

Өкмөттүн маалымат кызматы курулуш иштерин 33 субподрядчы уюм, 2000ге жакын курулушчу жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Өкмөттүн маалымат кызматы курулуш иштерин 33 субподрядчы уюм, 2000ге жакын курулушчу жүргүзүп жатканын кошумчалады. - Sputnik Кыргызстан
3/5

Өкмөттүн маалымат кызматы курулуш иштерин 33 субподрядчы уюм, 2000ге жакын курулушчу жүргүзүп жатканын кошумчалады.

© Фото / пресс-служба правительства КР

Билдирүүгө ылайык, аларга курулуш каражаттары толук жеткирилген. Бүгүнкү күнгө карата 332 үй курулуп бүткөн.

Билдирүүгө ылайык, аларга курулуш каражаттары толук жеткирилген. Бүгүнкү күнгө карата 332 үй курулуп бүткөн. - Sputnik Кыргызстан
4/5

Билдирүүгө ылайык, аларга курулуш каражаттары толук жеткирилген. Бүгүнкү күнгө карата 332 үй курулуп бүткөн.

© Фото / пресс-служба правительства КР

Жалпысынан жарактан чыккан 418 үйдү жаңыдан куруу каралган болсо, 317 үй Баткен районунда курулду.

Жалпысынан жарактан чыккан 418 үйдү жаңыдан куруу каралган болсо, 317 үй Баткен районунда курулду. - Sputnik Кыргызстан
5/5

Жалпысынан жарактан чыккан 418 үйдү жаңыдан куруу каралган болсо, 317 үй Баткен районунда курулду.

1/5

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек ара жаңжалында бузулган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышууда.

2/5

Министрлер кабинетинин төрагасы сапарынын экинчи күнүндө Капчыгай, Ак-Сай, Миң-Өрүк, Кара-Бак, Достук айылдарында курулган үйлөрдү көрүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

3/5

Өкмөттүн маалымат кызматы курулуш иштерин 33 субподрядчы уюм, 2000ге жакын курулушчу жүргүзүп жатканын кошумчалады.

4/5

Билдирүүгө ылайык, аларга курулуш каражаттары толук жеткирилген. Бүгүнкү күнгө карата 332 үй курулуп бүткөн.

5/5

Жалпысынан жарактан чыккан 418 үйдү жаңыдан куруу каралган болсо, 317 үй Баткен районунда курулду.

"Оору кайсы жерде болсо, жаның ошол жерде дейт. Баткенде тынчтык болмоюнча, Баткен өнүкмөйүнчө баарыбыздын ишибиз, аракетибиз ушул жерде болот. Армиябызды, чек арабызды күчтөндүрөбүз. Кирем дегендердин мизин кайтарууга кудуретибиз жетет. Бардык жаңы техникалар келген", — деди Акылбек Жапаров.
Өкмөттүн маалымат кызматы курулуш иштерин 33 субподрядчы уюм, 2000ге жакын курулушчу жүргүзүп жатканын кошумчалады. Билдирүүгө ылайык, аларга курулуш каражаттары толук жеткирилген. Бүгүнкү күнгө карата 332 үй курулуп бүткөн. Жалпысынан жарактан чыккан 418 үйдү жаңыдан куруу каралган болсо, 317 үй Баткен районунда курулду. Ал эми калган 86 турак үйдүн курулуш иштери мартта бүтүп, колдонууга берилет.
Министрлер кабинетинин төрагасы үйлөр курулуп бүтсө жол салууну, көчөнү көрктөндүрүүнү, жарыктандыруу иштерин баштоо зарыл экендигин билдирди.
"Туура, буга чейин курулуш каражаттарын жолдон өткөрө албай туруп калгандыктан иштер башталган эмес. Эми жолдор салынып, электр зымдары тартылып, таза суу, сугат суу системалары толугу менен ишке кирет. Айрыкча таптакыр талкаланып кеткен Капчыгай, Ак-Сай айылдарына көчө бойлото арча-карагай отургузуу унутта калтырылбасын. Президенттин татынакай айыл болуп калсын деген тилегин баарыбыз ишке ашырууга милдеттүүбүз", — деди Жапаров.
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2023
Баткендеги жабыркаган элге, ишкерлерге компенсация кыска мөөнөттө төлөнөт дешти
Жаңылыктар түрмөгү
0