27-февралга карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовКөчөдө бараткан адамдар. Архивдик сүрөт
Көчөдө бараткан адамдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2023
Жазылуу
Жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Дүйшөмбүдө жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жолдордо муз тоңуп, тайгак болот.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +5...+10, Ысык-Көл чөлкөмүндө +2...+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +9...+14, ал эми Нарында -2...-7 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +7...+9 жана Ош калаасында +10...+12 градуска жетет.
Бишкекте жаздын башталышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2023
Күн жылыйбы? Жаздын алгачкы аптасына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0