00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Максимальный репост
On air
12:06
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Орунбеков: экс-президенттердин чогулушун көпчүлүк кубануу менен талкуулап жатат

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевПрезиденттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков. Архив
Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2023
Жазылуу
Орунбековдун айтымында, кыргызстандыктар бир атадан тараган, бир мамлекеттин уул-кыздары, ич ара душмандашуунун кереги жок.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мурдагы эл башчыларын бир столго чогултууда кайсы бирин мыйзам жоопкерчилигинен бошотуп, аларды өлкөгө кайтарып келүү жөнүндө сөз айтылган жок. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков билдирди.
"Президент экс-президенттер менен болгон жолугушуусу тууралуу жазган билдирүүсүнөн кийин социалдык тармакта талкуулар жаралды. Мындай күтүүсүз кабар көпчүлүккө жагымдуу болду, кубануу менен талкуулап жатканын байкап жатабыз. Бирок саналуу топ тарабынан талаш-тартыштар жаралып, негизсиз тыянак чыгаруулар орун алып жатканын көрүп жатабыз", — деп эсептейт Орунбеков.
Ошондой эле ал Жапаров өткөн-кеткенге кылчайбай, мамлекет башчысы катары тарых алдында жана келечек муун алдында өз вазыйпасын аткарганын белгиледи.
"Мындан кыйкым издеп, президенттин элди ынтымакка чакырган ниетин кайра тескери жакка буруп, ич ара бөлүнүп-жарылып, тирешти ого бетер козутпайлы. Мамлекет башчынын жакшы ниетин колдогондун ордуна, кайра аркы же берки өйүз болуп, акыйнек айтышып отурганыбыздын өзү тарыхы бай, айкөл эл катары, улут катары бизди кооздобойт. Ооба, Кыргызстанды башкарып кеткен ар бир президенттин жакшы да жактары, кемчиликтерди да болду. Баары мамлекет жана эл үчүн иштешти, аракет кылышты. Ошону менен катары каталарды да кетиришти. Ал эми азыр анын баары тарых. Ким кандай ката кетиргенин баарыбыз жакшы билебиз. Ошентсе да "өткөн-кеткенге кылчактап, таарынычтарды ортого салып отура берсек келечек болбойт, алдыга жылалы" деген жакшы ой саясаттагы негизги приоритеттүү багыты. Ал же бул саясатчынын тарапташымын дегендердин баарын сабырдуулукка чакырабыз, ынтымакта бололу. Бири-бириңиздердин көңүлдү оорутуп, кайым айтышууну улантпаңыздар, токтотуңуздар", — деп жазды маалымат кызматтын жетекчиси.
Орунбековдун айтымында, кыргызстандыктар бир атадан тараган, бир мамлекеттин уул-кыздары, ич ара душмандашкандан Кудай сактасын.
Белгилей кетсек, 18-февралда Садыр Жапаров мурдагы президенттерди бир дасторконго чогултканын, алар бири-бирин кечиришкенин маалымдаган. Жолугушуу БАЭнин Дубай шаарында өткөн. Бул окуя коомчулукта ача пикирлерди жаратып, түрдүү сындар да айтылган.
Кийинчерээк Алмазбек Атамбаев да пикирин билдирип, аны Жапаров менен Ташиев мурдагы таарынычтарды унутуп, сүйлөшүү үчүн жолугушууга чакырганынан барып калганын айткан. Экс-президенттердин чогуларынан кабардар болбогонун, мындан улам аягына чейин отурбай чыгып кеткенин белгиледи. Ал эми Аскар Акаев баарын чогултуу демилгесин кубануу менен кабыл алганын билдирди.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2023
Жапаров экс-президенттерди кандай максатта чогулткан? Маалымат катчысынын жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0