Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Надырбек уулу: маянадан улам балет артисттери кеминде үч жерде иштейт

© Sputnik / Асель СыдыковаКР эмгек сиңирген артисти, балет бийчиси, Мариинск театрынын экс-премьер-солисти Канат Надырбек уулу
КР эмгек сиңирген артисти, балет бийчиси, Мариинск театрынын экс-премьер-солисти Канат Надырбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2023
Жазылуу
КР эмгек сиңирген артисти, балет бийчиси, Мариинск театрынын экс-премьер-солисти Канат Надырбек уулу Опера жана балет театрынын учурдагы абалы, артисттердин көйгөйү тууралуу кеп салды.
2010-жылдан бери чет мамлекетте иштеп жүргөн балет бийчиси Канат Надырбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун "Стимул" программасында маек куруп жатып Улуттук опера жана балет театры жок дегенде совет учурундагы сапатты кармап кала албаганын белгиледи.
Надырбек уулу: маянадан улам балет артисттери кеминде үч жерде иштейт
Анын айтымында, учурдагы айлык акыдан улам балет артисттери жок эле дегенде үч жерде иштейт.
"Кыргызстанга кайтып келгенимдин себеби, биринчиден, төрөлүп-өскөн мекенде жашап иштегенден артык нерсе жок. Экинчиден, жакындарым, туугандарымдын баары бул жакта. Мен Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын бүтүрүүчүсүмүн. Алгач 18 жашымда биздин Опера жана балет театрында иштегем. Андан кийин 2010-жылдан баштап бир нече жыл бою Россиядагы Мариинск театрында бийледим. Негизи көптөгөн мамлекеттердин мыкты сахналарында бийлегеним менен Кыргызстандын сахнасын, көрөрмандарын сагынып, келип-кетип жүрдүм. Бул жолу Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын директору Алмаз Истамбаевдин чакыруусу менен келип калдым. Биздин алдыбызда көп пландар, долбоорлор турат. Бирок чынын айтыш керек, мен кеткен 13 жылдын ичинде театр өнүкпөй эле, тескерисинче, артка кетти. Бизде театрдын имараты, сахнасы, артисттердин гримеркасы, бөлмөлөрү баары мыкты. Мындайча айтканда, абдан жакшы театрыбыз бар. Көп мамлекеттердин мындай кооз театры жок экенин байкадым. Совет мезгилинде театр кандай эле? Жок дегенде ошол учурдагы сапатты кармап кала албады. Азыр геосаясий абал өзгөргөндөн улам биздин пландар өзгөрүп жатат. Азыркы айлык акыдан улам балет артисттери жок эле дегенде үч жерде (мисалы, таксист, түнкү клуб, тойлорго чыгат) иштейт. Балет аларга жөн эле хобби болуп калган. Башка жумуштарын таштап бир гана искусство менен алектениши үчүн кордебалеттин айлыгы эӊ аз эле дегенде 50 миӊ болушу зарыл. Айрым кыргыздын ак сөөк адамдары чет мамлекеттеги балеттин сапатын айтып, көрүп келгенине мактанышат. Салыштырмалуу биздин балет эч нерсеге жарабайт дешет. Аларга "андай болсо театрды каржылап, спонсор болуп бербейсиздерби" деп айттым. Чындап эле чет мамлекеттерде улуттук театрлары дээрлик жок. Жеке менчик театрларын миллиардер, магнаттары демөөрчү катары каржылап, шарттары абдан жакшы. Өлкөмдү сагынып келип, таарынып кетем дегенимдин себеби ушунда. Азыр эми жаӊы жетекчи, команда иштеп жатат. Абал жакшы нукка өзгөрөт деп ишенем", — деди Надырбек уулу.
Ал театр сапатты кармап турушу үчүн жумасына үч спектакль коюп, балет артисти эӊ аз дегенде 10дон баштап 18:00го чейин иштеши керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0