КР менен Венгриянын президенттери стратегиялык өнөктөштүк декларациясына кол коюшту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР менен Венгриянын президенттери стратегиялык өнөктөштүк декларациясына кол коюшту
КР менен Венгриянын президенттери стратегиялык өнөктөштүк декларациясына кол коюшту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2023
Жазылуу
Эске салсак, венгер тараптын чакыруусу менен Садыр Жапаров Венгрияга расмий сапар менен барды.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Венгриянын президенти Каталин Новак эки өлкөнүн ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОфициальный визит президента Садыра Жапарова в Венгрию
Официальный визит президента Садыра Жапарова в Венгрию - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2023
Эске салсак, венгер тараптын чакыруусу менен Садыр Жапаров Венгрияга расмий сапар менен барды.
Жолугушууда президенттер, Кыргызстан менен Венгриянын делегацияларынын башчылары эки тараптуу кызматташтык алкагында кыргыз-венгер мамилелерин талкуулашты.
Алар Кыргызстан менен Венгриянын президенттери саясий кызматташтыктын деңгээлине баа берип, соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо үчүн потенциал бар экенин айтышты.
Садыр Жапаров венгриялык кесиптешин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Садыр Жапаров Венгриянын президенти Каталин Новак менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2023
Садыр Жапаров Венгриянын президенти Каталин Новак менен жолукту
Жаңылыктар түрмөгү
0