Баткендеги үйлөрдүн курулушу. Президенттин иш башкармалыгынын төгүндөөсү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин тартуу тобу Баткен облусуна барып, Тажикстан менен болгон кагылышууда үй-жайынан ажыраган тургундардын турак жайынын курулушун көрүп келди.
Курулуштун жүрүшү тууралуу айтылган иликтөөдөн кийин редакция менен Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков байланышка чыккан. Ал журналисттердин бардык суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин белгилеп, Баткен облусуна чогуу барып курулуштун жүрүшү менен таанышып, маалыматты тактап келүүнү сунуштаган.
Курулуштун жүрүшүнө президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, “Аманат курулуш инвест” компаниясынын жетекчиси Давид Камбаров да көз салды.
Биз иликтөөдө курулуш иштери эмне үчүн создугуп кеткени жана тендерди утуп алган подрядчы “Аманат курулуш инвест” компаниясынын артында президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин кызыкчылыгы барбы деген суроо койгонбуз.
Туманбаев тендер өткөн маалда компанияга 20 жаштагы студент эмес, ишкер Давид Камбаров ээлик кылганын билдирди. Анын айтымында, Камбаров “Аманат курулуш инвест” компаниясына Баткендеги окуяга чейин, 2022-жылдын 4-июлунда жетекчи болгон.
"Миллиарддаган тендерди 20 жаштагы жаран утуп алды деп айтып жатасыздар. Бул маалыматтар туура эмес, 2022-жылдын 4-июлунда эле Давид Камбаров “Аманат курулуш инвест” компаниясын алган", — деди Туманбаев.
Ал эми Камбаров “Аманат курулуш инвест” компаниясын алган максатын айтып берип, компаниянын Туманбаев менен байланышын төгүндөдү. Ал үй куруудагы тажрыйбасына токтолду.
"Биз куруучу адамдарбыз, өз командабыз бар. Курулушта биринчи күн эмеспиз. Буга чейин долбоорлоо компаниясында иштегем, анан курулушка өткөм. 2018-жылдан тарта толугу менен курулуш тармагына өттүк", — деди ал.
Туманбаев курулуштун артында эч кандай кызыкчылыгы жок экенин, Баткендеги кырсыктан пайда издеген Кудайга дагы жакпай турганын белгиледи.
"Аманат курулуш 33 компанияга 3,3 миллион сомдон которуп берип жатат. Эми карап көрүңүздөр, НДС деген бар. Элге жардам берсин деп компания өз чөнтөгүнөн төлөп берип жатат. Эмне үчүн дегенде мамлекет төлөбөйт аны. Бул көзөмөлдөөчү", — деди ал.
Каныбек Туманбаев Баткендеги каргашалуу окуядан кийин турак жайларды калыбына келтирүү иши 2 айда аягына чыкпай калган себебин дагы түшүндүрдү.
"Алгач СИП-панель тамдарды курууну пландаганбыз, ошого байланыштуу эки айда бүтүрүү айтылган. Бирок жергиликтүү эл “бизге кирпич, бетондор менен куруп бергиле” деген талап койду. Президентибиз элдин пикирин эске алып, кирпич, бетон менен бүтүрүү тапшырмасын койду. Ордун тазалоо, керектүү документтерди бүтүрүү иштерине көп убакыт короду. Ошого карабай турак жайлар сапаттуу, элдин купулуна толуп бүтүп жатат", — деди Туманбаев.
Турак жайларды калыбына келтирүүдө “Госстрой” тарабынан чыгымы эсептелип чыгып, ар бир үйгө 5 760 000 сом сарпталары сунушталган. Бул туурасында Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде токтолуп, “Аманат курулуш инвест” компаниясы 3 315 000 сомдон бүтүрүп жатканын, ар бир үйдөн эки жарым миллион сомдун тегерегинде акча каражаты үнөмдөлгөнүн айткан.
Чиновниктер тургундар курулган үйлөрдүн сапатына канааттанганын айтышты.
"Силерден суранам, силер азыр жашсыңар, жалган маалыматтарды таратпагыла. Бүткөн ушунчалык болот. Болгону малыбызды карай албай отурабыз. Ошон үчүн силерден өтүнүп сураймын, болгонду болгондой, чындыкты чыркыратып сүйлөп, дайыма чындык үчүн күрөшкүлө", — деди Бужум айылынын тургуну Кадича Мурзакулова.
Кандуу окуя менен коштолгон Баткендеги курулуштарды өз көзүбүз менен көрүп чыктык. Суукка карабай жумуштар аткарылып жатканына күбө болдук. Биз барган учурда 100 үйдүн курулушу бүтүп, ээлерине тапшырылган. Калгандары дагы аяктоо этабына жетип, март айында толугу менен бүткөрүлөт дешти. Жергиликтүү жашоочулар курулуштун сапатына купулу толгонун, мамлекет тарабынан жетиштүү көңүл буруулар болуп жатканын айтышты.
Маалыматтар жетишсиз болгондуктан биздин алгачкы иликтөөбүз Каныбек Туманбаевдин дарегине сын-пикирлер айтылуусуна себеп жараткан. Ал ыңгайсыздык үчүн редакция жоопкерчиликти сезип, айрым келтирилген фактыларды төгүндөйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0