Жалал-Абадда коррупцияга каршы бирикменин инспектору кармалды. Видео

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКишенделген аял. Иллюстративдүү сүрөт
Кишенделген аял. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2023
Жазылуу
Кармалган аял УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө башталган.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жалал-Абадда "Мыйзам нуру коррупцияга каршы коомдук жардам" коомдук бирикмесинин мүчөсү пара талап кылуу учурунда кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
"Жогоруда аты аталган Т.Г.Б. Жалал-Абад облусундагы бала бакчалардын биринин директорун колунда бар делген компроматты укук коргоо органдарына өткөрүп берем деп коркутуу менен акча талап кылгандыгы аныкталды", — деп айтылган маалыматта.
Кармалган аял УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө башталган.
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2023
УКМК: Аксыда акушер-гинеколог опузалап акча алып жатканда кармалды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0