Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстанда 25 калктуу конушка мобилдик байланыш жете элек

© Sputnik / Асел АкматСанариптик өнүктүрүү министрлигинин Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мониторинг жана аналитика бөлүмүнүн башчысы Асел Иманалиева
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мониторинг жана аналитика бөлүмүнүн башчысы Асел Иманалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2023
Жазылуу
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мониторинг жана аналитика бөлүмүнүн башчысы Асел Иманалиева өлкөнүн 98 пайызы байланыш менен камсыздалганын айтты.
Кыргызстанда жалпысынан 2 220 калктуу конуш бар. Алардын 2195и, тагыраак айтканда, 98 пайызына мобилдик үн байланышы жеткирилген. 2153ү интернет же болбосо 4G менен камсыздалган. Бул тууралуу Асел Иманалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстанда 25 калктуу конушка мобилдик байланыш жете элек
Анын айтымында, 25 калктуу конушка байланыш жете элек.
"Кыргызстан тоолуу өлкө экенине карабай 98 пайызы мобилдик байланыш менен камсыздалган. 2022-жылдын жыйынтыгы менен дагы 13 эл жашаган аймакка байланыш жетип, 31инде 4G же болбосо интернет колдонуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Азыркы учурда республика боюнча жалпысынан 25 калктуу конушта байланыш жок. Анткени алардын 18ине электр энергиясы жете элек, жолдору начар, инфраструктура жок", — деди Иманалиева.
Ал байланыш жеткирүү графиги элдин, депутаттардын жана бийликтин кайрылуусунун негизинде түзүлөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0